Адвокат Леонид Лужанский Чүй облустук сотуна кайрылып, 13-марттагы окуяны, анда автоунаанын өрттөлүш себептерин дыкат иликтөө талабын койду. Бул тууралуу Лужанский “Азаттыкка” бүгүн кабарлады. Ошого байланыштуу Аламүдүн райондук сотунда бүгүн соттук процесс болбойт. Белгилүү болгондой 13-мартта жол кырсыгында М.Садыркулов, С.Слепченко жана К.Сулайманов каза тапкан. Жол кырсыгына тиешеси бар деп Ө.Осмонов кармалып, ага айып коюлган. Бирок М.Садыркуловдун жакындары расмий тергөөнүн жыйынтыктарына макул эместигин билдирүүдө.(AiT)