Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Президенттин тапшырмасы менен пенсия 50% көтөрүлөт


Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 19-майда Курманбек Бакиев өкмөт башчы Игорь Чудиновду кабыл алып, анда Чудинов президенттин пенсиялык реформа жасоо менен пенсия өлчөмүн көбөйтүү тууралуу ташырмасынын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Чудиновдун сөзүнө караганда, Өкмөт Социалдык фонд менен биргеликте быйылкы жылдын 1-июлунан тарта пенсия өлчөмүн өткөн жылга салыштырмалуу 50% көтөрүү үчүн каражат табышты. Кабыл алынган чечимге ылайык пенсиянын базалык бөлүгү 630 сомдон 800 сомго, камсыздандыруучу бөлүгү 811 сомдон 1253 сомго көтөрүлүп, пенсиянын орточо көлөмү 2138 сом болот. 2005-жылдын 1-январына карай Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 714 сом болгон.(AiT)

XS
SM
MD
LG