Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Исмаил Исаков талапкердикке берген арызын алып салды


Мындай билдирүүнү бүгүн мурдагы коргоо министри Исаков өзү маалымат жыйынында билдирип, анын себебин Бириккен Элдик кыймылдын бир талапкер менен баруу чечими менен байланыштырды. Ушул эле маалымат жыйынында БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров, эгер, оппозициялык бир талапкерге бийлик тарабынан мыйзамсыз тоскоолдуктар болсо оппозиция “Бакиевсиз шайлоо!” акциясын баштай тургандыгын билдирди.
Исмаил Исаков - БЭК колдогон эки талапкердин бири. Экинчи талапкер, СДПнын жетекчиси Алмаз Атамбаев кол топтоо чараларын улантууда. Исмаил Исаков талапкердик жарыштан чыкканга чейин өлкө боюнча 80 миңге жакын кол топтогондугу маалымдалды. (BuS)

XS
SM
MD
LG