Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Сасык тумоонун пандемия коркунучу бар


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси сасык тумоонун пандемия коркунучу тууралуу эскертти. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Маргарет Чан сасык тумоонун пандемиясына күбө болуп жатышыбыз мүмкүн деп эскертти. H1N1 вирусу куштардын тумоосу менен аралашкан кезде өтө коркунучтуу болушу ыктымал, - деди Чан уюмдун жылдык жыйынында. Сөз болгон вирустун түрүнө 40 чакты өлкөдө 8 жарым миңдей киши чалдыгып, 70тей оору андан көз жумду. Бүгүн Чан айым жана Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, сасык тумоонун жаңы штаммына каршы вакцина иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG