Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча ишти карап бүттү


Жогорку Сот өз чечими менен райондук, облустук соттордун чечимдерин салыштырмалуу өзгөрттү. Сот айыпкерлерге колдонулган Кылмыш Кодексинин 174-беренесин (мүлктү атаылап талкалап, кыйратуу) кылмыш ишинен алып салды. Мындан тышкары бир нече берене боюнча сот жообуна тартылган бул жарандардын он бирин Кодекстин 156-беренеси (жашы жете электерди кылмыш кылууга тартуу) боюнча актады. Натыйжада арыз менен кайрылгандарга чегерилген жазалардын ар бири болжол менен үч жылдан алты жылга чейин кемитилди. Былтыр 1-октябрдагы Ноокат окуясы боюнча 32 киши Кылмыш Кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш жообуна тартылып, аларга 9 жылдан 20 жылга чейинки жаза чектелген. Алардын 22си Жогорку Сотко арыз беришкен. Жогорку Соттун чечимине нааразы укук коргоочулар бейкүнөө адамды хизбут-тахрир кыймылынын шылтоосу менен жоопко тарта берсе болорун далилдеп койду деп жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG