Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Мамлекеттик тил сынагы эртең болбой калышы мүмкүн


Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов “Азаттыкка” мындай пикирин арызды БШКга биринчи берген экс-министр Исмаил Исаковдун президенттик шайлоодон баш тартуу жарыясы менен байланыштырды. Ошол эле учурда БШК Исаков өз арызын кайра алуу боюнча расмий арыз менен кайрыла электигин билдирди. БШК бүгүн президенттикке талапкер болууну каалагандардан арыз алууну токтотуп, мамлекеттик тил сынагынын тартибин тактады. Сынак 20-майдан баштап талапкер болууну каалагандардын арыз берүү ирети боюнча жүрөт. Исмаил Исаковду кошпогондо учурда президенттикке талапкер болууну каалагандардын 17 арызы бар. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG