Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Бишкек шаардык соту Сапар Аргынбаевдин арызын кароону эртең улантат


Бул тууралуу бүгүн укук коргоочунун адвокаты Асел Аргымбаева билдирди. Баш коргоо чарасын өзгөртүүнүн, Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну сурап кайрылган айыпталуучунун арызын кароого шаардык сот бүгүн киришти. Биринчи май райондук соту Аргымбаевди 26-апрелдеги Петровка жаңжалын уюштурду деген негиз менен камакка кескен. Укук коргоочу учурда Коопсуздук Комитетинин камагында отурат. Ушундай эле негиз менен МККнын камагында “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев да отурат. Анын арызын сот эртең карап баштайт деп күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG