Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:08

Бүгүн “Ак жол” фракциясы бир катар мыйзам долбоорлорун карайт


Алардын ичинде “17-мартты Аксыда 2002-жылдын 17-18-мартындагы кайгылуу окуяларда курман болгондорду эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун депутат Бейшенбек Абдыразаков сунуштайт. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу” мыйзам долбоору боюнча башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев баяндамакчы. Ошондой эле Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу маселе каралат. БШКнын мүчөлүгүнө Жаркын Бапанова менен Билим Назарованын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG