Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

И.Исаковдун маалымат жыйынындагы билдирүүсү


Кечээги маалымат жыйынында коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Исмаил Исаков президенттик шайлоонун айланасындагы түзүлгөн кырдаалды, азыркы бийликтин оппозицияны бөлүп-жарууга жана шайлоочуларды туура жолдон адаштырууга болгон жандалбас аракетин эске алып Бириккен Элдик Кыймылдын бирдиктүү талапкеринин пайдасы үчүн шайлоого чейинки жарыштан өз талапкерлигин алууну чечкенин билдирди. Ал ошондой эле бийлик оппозицияга каршы бүт мыйзамсыз жана бузуку ыкмаларды колдонуп, таза эмес катуу күрөш жүргүзүп аткан учурда ынтымак жана жалпы максаттар үчүн бой көтөрүүнү, жеке кызыкчылыктарды жыйыштыруу зарыл экендигин белгилеген. Исаков азыркы мамлекеттик органдар элге эмес бийлик төбөлдөрүнө иштеп калганын, бийлик болсо Кыргызстанды коргоонун ордуна өлкөнүн патриотторун куугунтукка алып жатканын, буга каршы күрөшүү керектигин айткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG