Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Британияда парламент төрагасы кызматтан чегинди


Британияда чыгымдарга байланыштуу чыккан жаңжалдан улам парламент төрагасы кызматтан чегинди. Парламенттин төмөнкү палатасын жетектеген Майкл Мартин Британиянын акыркы үч жүз жылдык тарыхында кызматтан чегинген алгачкы төрага болду. Ал кызматын 21-июндан тарта тапшырарын кечээ жарыялады. Төрага парламент депутаттарынын чыгымдарын төлөп берүү системасын реформалоо зарыл деген эскертүүлөргө көңүл бурбай койгону жана алар боюнча маалыматтарды жарыялоого жолтоо кылып келгени үчүн сынга алынып жаткан. Жакында “Дейли Телеграф” гезити британ парламентарийлери чыгымдарын казынадан кантип кайтарып алгандыгы боюнча өз иликтөөлөрүн жарыялаган эле. Анда депутаттар итинин тамагынан тартып, шейшеп сатып алганга чейин кеткен акчасын салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кайтарып алгандыгынын ачыкталышы коомчулуктун кыжырдануусун жараткан.

Анткен менен премьер-министр Гордон Браун парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү жөнүндөгү чакырыктарды четке какты. Браундун айтымында, эрте шайлоо чыгымдарга байланышкан жаңжалды чечпейт. Британиядагы кийинки шайлоо 2010-жылдын орто ченинде өтүүсү керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG