Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Ителги куштарды сатчу соодагер кармалды


Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет таратты. Маалыматка караганда, 18-май күнү Кызыл китепке киргизилген ителги куштарды чет мамлекеттерге соодалоочу кылмыштуу топ кармалды. Топтун бир мүчөсүнүн "Ак босого" жаңы конушундагы үйүнөн араб мамлекеттеринин бирине соодалоого камдалган уч ителги табылды. Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, азыр тергөө башталды. Алгыр куштарды кармоого Кыргызстан боюнча бир гана "Жандуу жаратылышты сактоо жана кайра жандантуу институту" деген ишканага уруксаат берилген.(BD)

XS
SM
MD
LG