Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Нарын шаарында бир катар мекемелер убактылуу ишин токтотушту


Бүгүн саат 16-30 чамасында жер титирөө болот экен деген маалыматтан улам Нарын шаарынын тургундарынын арасында дүрбөлөң пайда болуп, бир катар мекеме, уюмдарда иш үстүндө олтурган кызматкерлер көчөгө чыгууга аргасыз болушту. Айрым бала бакчаларда, мектептерде бөбөктөр жана окуучулар сыртка шашылыш чыгарылгандыгы белгилүү болду. Саат 17ден өткөн убакта жергиликтүү «Алмаз-Нарын» үналгысы аркылуу Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров кайрылуу жасап, бул маалымат жалган экендигин, элди бушайманга салган жагдай боюнча укук коргоо органдары тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлөөрүн билдирди. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG