Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Жер титирейт деген маалымат расмий төгүндөлдү


Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө болот деген маалыматта эч кандай негиз жок жана андай маалымат расмий таратылган эмес деп билдирди. Министрликтин маалыматына караганда жер титирөө ыктымалдыгы жөнүндөгү божомолду Сейсмология изилдөө борборунун тыянагынын негизинде аталган министрлик гана бере алат, андай божомолду министрлик тараткан эмес. Ушундай эле билдирүүнү Сейсмология институтунун директору Канат Абдырахматов жасап, элди тынчтанууга чакырды. Бүгүн Бишкек шаарынын жана өлкөнүн аймактарында жер титирөө болуу ыктымалдыгы бар деген маалымат тарап, бул элдин дүрбөлөңгө түшүшүн шарттады. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG