Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

20-майда Бишкек шаардык соту “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге байланыштуу эки арызды карады. Айыпталуучунун жана анын адвокаттарынын талабы менен сот бир арызды кароону 26-майга, экинчисин 28-майга которду.

Эркин Бөлөкбаев Чүй облусунун Петровка айылында 26-апрелде болгон массалык баш-аламандыктан кийин кармалган. Петровка айылындагы окуяга байланыштуу Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоп, 84 адам кармалган. Бирок алардын көпчүлүгү бошотулуп, учурда Сапар Аргынбаев жана Эркин Бөлөкбаев Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында кармалып турат.

Эркин Бөлөкбаев аны камакка алууга уруксат берген Биринчи май райондук сотуна ишеним көрсөтпөй турганын, ошол эле мезгилде аны камакка алуу тууралуу соттун чечими туура эмес деп, эки апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

20-майда алгач судья Жамал Жусупованын жетекчилиги астында Биринчи май райондук сотуна ишеним көрсөтпөө маселеси каралды. Судья ишти кароого киришер алдында Эркин Бөлөкбаевдин адвокаттары жана коомдук коргоочуларына Бөлөкбаев тарабынан ишеним кат берилбегенин, ошондуктан алардын катышууга укугун жоктугун, бир гана адвокатта андай укук бар экенин билдирип чыкты. Бул өз кезегинде сотко катышып жаткан 50нүн тегерегиндеги кызыкдар кишилер жана адвокаттардын нааразычылыгын пайда кылды.

Мындай шартта сотко ишеним көргөзбөй турганын адвокат Азимбек Бекназаров билдирди:

-Чү дегенде эле мыйзамды буза баштадыңар. Ишти окубаганыңарды да далилдедиңер. Качан кыйкырык, ызы-чуу болгондон кийин гана ишти окуп, адвокаттар бар экен, бар экен деп калдыңар. Мындай судьяга мен ишене албаймын. Ошондуктан мен бул соттун курамына ишенбөөчүлүк жарыялаймын.

Эркин Бөлөкбаев да УКМКнын абагында анын адвокаттары менен байланышы чектелгенин, соттун материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбегенин ачыктады. Сот бул жүйөөлөрдү карап, адвокат Азимбек Бекназаровдун ишеним көрсөтпөөсүн негизсиз деп таап, бирок соттук териштирүүнү 28-майга которуп койду.

Мына ошондон кийин дароо эле экинчи соттук жараян башталды. Бул жараянда Эркин Бөлөкбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралды. Бирок соттук коллегиянын төрайымы Светлана Нарымбаева иш жабык караларын жарыялап, баарын чыгып кетүүнү талап кылды. Сотто адвокаттар, айыптоочу жана судьялар гана калды.

Жабык сотто каралган иштин жыйынтыгы тууралуу Эркин Бөлөкбаевдин адвокаты Мукар Чолпонбаев буларды билдирди:

- Бүгүнкү сот Бөлөкбаевдин өтүнүчү боюнча кийинки мөөнөткө калтырылды. Өтүнүчтүн негизги себеби Бөлөкбаев УКМКнын абагында кармалып турган чагында сотко даярданганга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Ага Кодекстер берилген эмес. Андан сырткары бүгүн сотто карала турган материалдар менен тааныштырылган эмес. Адвокаттарды абакка киргизбей коюшкан. Мына ошонун себебинен Бөлөкбаев бүгүн эмне болоорун билбей эле сотко келген. Мына ошого байланыштуу соттор ишти которуп, иш менен таанышып, сотко даярданып келүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Эркин Бөлөкбаевдин тарапкерлери жана “Жашылдар” партиясынын активисттери Бишкек шаардык сотунун алдына “Эркин Бөлөкбаевге эркиндик!”, “Акыйкаттуулукту талап кылабыз!” деген ураандарды жазылган плакаттарды илишти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG