Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Медет Садыркуловдун өлүмүнө МЧС күнөөлүүбү?


Оппозициялык саясатчы Болот Шерниязов Медет Садыркуловдун өлүмүнө маркум өзү күнөөлүү экенин айтып чыкты.
Оппозициялык саясатчы Болот Шерниязов Медет Садыркуловдун өлүмүнө маркум өзү күнөөлүү экенин айтып чыкты.

Гезиттер негизинен коомдогу түркүн окуяларды, саясатты, шайлоону, экономиканы, эл турмушун талкууга алууну улантууда.


“ 1. Медет Садыркулов башоту менен Бакиевдин, анын балдарынын, биртуугандарынын өзү айткан криминалдык бийликке каршы анык күрөшкө киришкен эле.

2. Бул үчүн финансылык каражат жетиштүү өлчөмдө табылган, аны бийлик тарап да билген.

3. Ал тирүү турганда бийлик партиясынын ортосунда сөзсүз жарылуу болмок.

4. Кошуна өлкөлөрдүн жооптуу кызматты ээлеген адамдары менен адамгерчилик мамилесин үзгөн эмес, ошолордун жардамына таянган.

5. Жалаң оппозициянын көзөмөлүндө боло турган кыргыз, орус, өзбек тилдүү гезиттерди чыгарууну пландаштырган.

6. Бакиевдин балдарынынын, бир туугандарынын жосунсуз жоруктары тууралуу жалаң фактылардан турган, жумушчу аты “Плесень” (“Көк дат”) деп аталган документалдуу фильм тартыла баштаган.

7. Бүт оппозициялык күчтөр менен жолугушууларды өткөрүп, алдыда турган президенттик шайлоону Садыркуловдун башкарышы бийлик үчүн опурталдуу да, коркунучтуу да эле.

8. Оппозиция бир лидер менен эмес, 5 же 7 бурчтуу конфигурацияны түзүү сунушун финансылоону Медет Садыркулов өз мойнуна алгандыктан бир дагы оппозиция лидерлери каршы болгон эмес.

9. Бул конфигурациянын ичине ал сунуш кылган бир же эки адам бийлик тараптан келип кошулмак, алардын бири Элмира Ибраимова эле.”

Бүгүн жарык көргөн “Айат пресс” гезитине “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шерниязов президенттик администрациянын мурдагы башчысы, маркум Медет Садыркулов тууралуу ушинтип айтып чыкты. Болот мырза гезиттин башкы редактору Жылдыз Мусабекованын андан аркы суроолоруна жооп берип атып, МЧСтин өлүмүн бийлик канчалык ак жип менен төөнөсө да акыры билинерин, анын мындай өлүмүнө МЧС (Медет Чоканович Садыркулов) өзү гана күнөөлүү экенин, бул бүгүнкү Бакиев бийлигине кызмат кылгандар үчүн, бийлик кумарына мас болуп, эли менен эсептешпей калгандар үчүн чоң сабак болорун кошумчалаган.

Гезит мындан тышкары экс-виц-премьер-министр Элмира Ибраимованын “Бийлик эркиндикти опуза деп түшүнөт”, генерал Исмаил Исаковдун “Кыргызстанда кылмышкер толтура” деген ат менен маектешүүлөрүн да тартуулады. Ал эми белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун маегинин аты “Саясат ыплас эмес, аны саясатчылар ыплас кылат” деп аталат.

“Учур” гезити Асылбек Меделкановдун “Тетири кеткен Темир Сариев Акүйдүн “долбоорубу?” деген макаласын жарыялаган. Автор окурмандардын эсине Үзөңгү-Куушту кайрадан салып: “Мен президент болсом Кыргызстандын бүтүндүгүн сактайм” деген Сариев убагында Аскар Акаевдин айтканы менен болуп, кыргыз жеринин Кытайга кетишин бекемдеген келишимди колдогондордун бири болгонун, кечээ жакында ал “президент Бакиев менен жашыруун 3 сааттан ашык сүйлөшүптүр” деген имиш тараганын кабарлаган.

Ушул эле гезит аркылуу саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев “Негизги күрөш Атамбаев менен Бакиевдин ортосунда болмокчу, анткен менен админстративдик ресурс колунда тургандыктан Курманбек Бакиевдин шаасы көбүрөөк, бирок “кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту” деди.

Кабарчы ага: -Өзбекстан бизге эмнеге кыр көрсөтүп жатат? Буга эмне себеп болууда?- деген суроо менен кайрылды.

Орозбек Молдалиев: - Бул өз улуттук кызыкчылыгыбызды коргой албагандыктан келип чыгууда. Геосаясатта баланс деген болот. Ири державалар деле бирөөгө таянып иш кылат. Антпесе колунан эчтеке келбейт. Мына, АКШ авиабазасы турганда башкалардын мамилеси кандай эле? Аны чыгарабыз дегенден бери бизге кысым башталды. Өзбекстан эч кандай ГЭС курбайсыңар деп ачык эле опузалоого өттү. Чек айлынын жарымын талашып жатат. Учурда өзбектер АКШга Навоини берели, бизге келгиле деп чакырып атат. Эгер АКШнын авиабазасы өзбектерге көчсө, алар менен чегара, суу боюнча сүйлөшүүлөр башкача маанайда өтөт. А биз Орусияны бел тутуп жатабыз. Орусия деген бизге караганда Өзбекстан менен мамиле түзүүгө кызыкдар.

Гезитке ошону менен бирге эле “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Петровкадагы окуяга байланыштуу 48 саат камалып чыккан милийсанын полковниги Туратбек Мадылбеков интервью берген.

Кабарчы: - Петровкадагы кырдаал тынчып калдыбы?

Т. Мадылбеков: - Жок, тескерисинче кайра күчөгөнү турат. Анткени жакында эле 3 күрт бала “Силерди бирден кармап жазалайбыз” деп, бир баланы буту сынгыча сабашыптыр. Ал жигит азыр ооруканада жатат. Мындан улам милийсанын профессионалдык деңгээли барбы, же булар күрттөргө таптакыр эле сатылып кеткенби деп ойлойт экенсиң. Күч органдары, коопсуздук кызматы “митингке катышкансыңар” деген шылтоо менен петровкалыктардын айласын кетирип бүтүштү. Ушундай доо менен 2 бала сабалып, ооруканада. Айтты-койду дебегиле, Петровкада жакын арада кайра чоң жаңжал чыгат. Себеби эл күч органдарынын кысымы менен күрттөрдүн жоругуна тоюп бүттү.

Ушул эле басылма кыргыздагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы саналган, кийин Чүйдүн Көк-Жар айлындагы бир мечиттин алдында атып өлтүрүлгөн Рысбек Акматбаев тууралуу анын атасы Абдымалик Акматбаевдин “Рысбегим эл деп жүрүп өтүп кетти” деген маегин басты. Маекти гезит кабарчысы Семетей Талас уулу алып барган.


“Аалам” гезити “Өзбекстан суу маселесине байланышкан талаш-тартышта Казакстандын колдоосун алууга аракеттенүүдө” деп аталган макаланы жарыялай баштады. Анда: “Тажикстан менен Кыргызстан ГЭСтерди куруу менен электрэнергиянын жетишсиз көйгөйүн чечүүгө аракеттенүүдө. Серепчилер, дарыялардын ылдыйкы агымында жайгашкан, табигый газ менен күйүүчү майга бай Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан ортосунда чакан коңшулары Тажикстан менен Кыргызстанга каршы шериктештиктин түзүлүшү мүмкүн экендигин айтышууда” деп баяндаган.

Гезит андан ары кабарчылар Күнболот Момоконовдун “Жамбыл-Талас-Суусамыр жолунун сапаты жакшы эмес”, Бахтияр Шаматовдун “Кыргызстан жана Кумтөр оперейтинг компании”, эркин журналист Үсөн Касыбековдун “К. Кабилова калп айтпайт, каңырыш угат” деген аталыштагы макалаларын тартуу кылды. Үсөн Касыбеков аталган макаласында: “Оппозициянын лагеринен Ак үйгө өз ыктыярлары менен азгырылып баргандар иттин кара капталынан. Анан ал жерде бир аз айланчыктап турушат да, көп өтпөй куймулчактан төмөнкү жумшак жерине бир тебилип, Ак үй менен кош айтышып, кайрадан эски короолоруна кайтып барышат” деп ,”Кабилованын “түшүндүрмөлөрүн” обу жок катын орсок уй сааганга окшогон жактары көп” деп баалады.

“Асман преss” гезити Коомдук парламенттин төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев менен аңгемелешкен. Кабарчынын: “Эмне үчүн өзүңүз президенттикке ат салышкан жоксуз?” дегенине А. Эркебаев: “Каражаттын жоктугунан күчтүү командам жок” деген жообун берүү менен, президенттикке Бакиев кайра шайланарын, бирок шайлоодон кийинки кырдаал кандай болорун убакыт көрсөтөрүн айтты. Кабилова тууралуу сөзүндө ал: “Кабилова качып кеткенде эркектер жасабаган ишти кылды деп айткам. Келгенден кийинки маегин дагы өтө катуу кетпей, салмактуураак бериптир. Акылы бар экен. Аны шайлоонун өтүшүнө карата кошумча каражат катары алып келишсе крек. Ал да эне, аны туура түшүнөм,-“деп жооп берген.
XS
SM
MD
LG