Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:40

Иран жаңы ракетасын ийгиликтүү сынады


Жер –жер классындагы жаңы сыналган ракета “Сежил -2” деп аталат жана 2000 чакырымга чейинки аралыкка уча алат. Ракета сынактан ийгиликтүү өткөнүн президент Махмуд Ахмадинежад кечээ Семнан провинциясында жүргөн жеринен жарыялады. Сыноо мына ушул провинциянын аймагында өткөрүлгөн.

Жаңы ракетанын 2000 чакырымга чейин учуусу ал Израилдин аймагына жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий базаларына жете алат дегенди билдирет.

Иран ракетасын ийгиликтүү сынаганын Вашингтондон АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс да ырастады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG