Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

АКШнын Сенаты Гуантанамо түрмөсүн жабууга каражат бөлүүнү колдогон жок


Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык түрмөдө террорчулукта шектелгендер отурат. Сенаттагы кечээги добуш берүүдө президент Барак Обаманын аталган түрмөнү жабуу үчүн 80 миллион доллар ажыратуу сунушун сенаторлор 90 добуш менен четке какты. Сенаторлор ошондой эле камактагылар Кошмо Штаттарга которулуусуна каршы болушту.

АКШ Сенатындагы добуш берүү демократтар да, республикачылар да Гуантанамо түрмөсүндө калган 240 адамды эмне кылуу боюнча президент Обамадан кеңири планды талап кылып жаткан учурга туш келди.

Бүгүн Барак Обама, Ак үйдүн билдиргенине караганда, улуттук коопсуз маселеси боюнча сөз сүйлөмөкчү. Анда ал Гуантамо түрмөсүн жабуу планына да токтолору күтүлүүдө. Мурда АКШ президенти бул түрмө келерки жылдын январына карата жабылышына жетишүүнү көздөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG