Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Кыргызстан Малайзия элчилигинин Бишкекте ачылуусун каалоодо


21-майда Бишкекте Малайзия парламентинин төрагасы Тан Сри Пандикар Амин Хаджи Мулиа Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев менен жолугушту. Анда Айтибай Тагаев кыргыз парламентинин курамы, иши тууралуу маалымат берүү менен эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташуусу боюнча келишим түзүүнү жана Кыргызстанда Малайзия элчилигин ачууга көмөк көрсөтүүнү сунуштады. Өз кезегинде Малайзия парламентинин төрагасы кыргыз тараптын меймандостугуна ыраазылык билдирүү менен элчилик ачууга көмөктөшүү жана парламенттик кызматташуу боюнча келишим иликтөөгө алынарын билдирген. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG