Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Грузия: Козголоңдун уюштуруучусу өлтүрүлдү


Грузияда ушул айдын башында болгон аскерий козголоңдун уюштуруучусу өлтүрүлүп, анын эки жардамчысы оор жараат алды. Грузиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Григол Беселианын айтымында, Мухрованидеги аскердик козголоңдун уюштуруучулары Коба Отанадзе, Георгий Криалашвили жана Леван Амиридзе 5-майдан тарта издөөдө жүргөн. Кечээ алар жашырынган жай тууралуу коопсуздук күчтөрүнө кабар жеткенде, аларды колго түшүрүү үчүн жүздөгөн жоокерлер жана офицерлер катышкан атайын операция уюштурулган.

XS
SM
MD
LG