Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Ат-Башыдагы кесипчилик окуу жайга 1 млн. 141 миң сом жети жылдан бери төлөнө элек


Нарын облустук Муратбек Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында облустагы кесипчилик окуу жайлардын буюм-тайымдарынын жарманкеси өткөрүлдү. Жарманке соңунан «Кесиптик багыт» аттуу жыйын өттү. Кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын облустук координатору Бектурган Абдыбалиев облустагы 9 кесипчилик окуу жайда 44 кесип багытында жалпысы 2151 окуучу билим алып жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, мурунку жылдарда окуу жайлардын материалдык абалы кароосуз калган болсо, быйыл алгач ирээт 300 миң сом каражат бөлүндү. Бектурган Абдыбалиев ошондой эле Ат-Башы районундагы №32 кесипчилик окуу жайга 2002-2004-жылдар үчүн 1 миллион 141 миң сом стипендия төлөнө электигин кошумчалады. (KUs)

XS
SM
MD
LG