Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Кыргызстанда жылына жарым миңге жакын бала бөөдө кырсыктан көз жумат


Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун регионалдык кеңсесинин зомбулук менен травматизмдин алдын-алуу бөлүмүнүн башчысы Динеш Сети билдирди. Анын айтымында, сууга чөгүү, жол кырсыктары, кулап кетүү, уулануу жана күйүү каза болгон он баланын бирөөсүнүн өмүрүн алып кетет. Айрыкча жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары бөөдө кырсыкка көп кабылышат. Ошон үчүн өкмөт алардын алдын-алуу боюнча чара көрүүсү зарыл. Быйыл жыл башынан бери 1309 жол кырсыгы болуп, анда 284 адам каза болгон жана алардын 27 бала.(BD)

XS
SM
MD
LG