Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Молдова: Гречаная кайрадан президенттикке көрсөтүлдү


Молдовада премьер-министр Зинаида Гречаная кайрадан Коммунисттер партиясынан президенттикке көрсөтүлдү. Азырынча Гречаная президенттикке көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болгонун Шайлоо өткөрүү боюнча парламенттик комиссиянын төрагасы Валерий Сава билдирди. Кечээ Молдованын парламенти президент шайлай албай койгон. Талапкерлиги көрсөтүлгөн Гречаная айымга бир добуш жетпей калган. Парламенттеги оппозиция тизмеде өз талапкери болбогону үчүн бул шайлоону бойкоттошкон. Кийинки шайлоо 28-майга белгиленди.

XS
SM
MD
LG