Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Ж.Назаралиев БШК менен Тил комиссиясынын башчыларына кат жолдоду


Борбордук шайлоо комиссиясы менен Тил комиссиясынын башчыларына кечээги жолдогон ачык катында президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиев Мамлекеттик тил сынагын сынга алып, сандырактык деп атады. Ал тил сынагында “билет” жана “билбейт” деген бир жактуу баалоо менен комиссия өзүнө өзү карама-каршы келерин белгилеп, азыркы техника өнүккөн заманда кол менен жазуунун актуалдуулугу жоголуп баратканын айтып, кыргыз тилиндеги атайын программалар киргизилген компьютерлер менен камсыз кылуу талабын койгон. Назарлиев ачык катында, Тил сынагын мурунку президент Аскар Акаев атаандаштарынан коркуп киргизгенин белгилеп, балким Курманбек Бакиев да кимдир бирөөлөрдөн коркуп жатпасын деген суроо таштаган. “Бул экөө тең кыргызчаны укмуш билсе да өлкө жакырчылыкка батып баратат”, деп айтылат Назаралиевдин ачык катында. Тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов Ж. Назаралиевдин бул ачык катка бүгүн жооп беришерин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG