Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

БУУнун башкатчысы бүгүн Шри Ланкадагы иш сапарын баштоодо


Пан Ги Мундун бул өлкөдөгү эки күндүк сапары Шри Ланка чейрек кылымга созулган согуштан соң Тамил жолборстору деген козголоңчул топ талкаланганын ушул аптада жарыялагандан кийинки учурга туш келди. Эл аралык коомчулукта болсо акыркы уруштардан айынан миңдеген адамдар жер которууга арагасыз болгондугуна байланыштуу тынчыздануулар айтылууда. Гуманитардык уюмдардын билдиргенине караганда, алар согуш аймактарынан качып чыккан 250 миңдей адам башкалкалап турган лагерлер менен жетиштүү байланыш орното албай жатат. БУУнун башкатчысы Шри Ланканын президенти Махинда Ражапаксага жолугуу менен катар качкындар лагерлерине да барары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG