Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Мектеп окуу программасы өнүккөн өлкөлөргө караганда эки эсе көп


Бул тууралуу бүгүн билим министри Абдылда Мусаев окуу китептердин мазмунун жакшыртууга арналган жыйында билдирди. Анын айтымында 10-класстын окуучусуна бир миңден ашык сааттык окуу программа боюнча сабак берилет, ал эми өнүккөн өлкөлөрдө бул 700-800 эле саатты түзөт. Окуучуларга сабакты ашыра көп берүү, билим берүүнүн сапатына таасир этип жатат. Ошондуктан окуучулардын билим сабатын текшерген PISA эл аралык изилдөөсүндө кыргыз окуучулары эң акыркы орунду алса керек, дейт А. Мусаев. Министр мекетп программасын азайтып эл аралык стандарттарга жакындатып, окуучуларды алган билимин турмушта колдононууга үйрөтүү керектигин баса белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG