Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Ханабадда эмне болуп жатат?


Кыргыз-өзбек чек арасындагы пост
Кыргыз-өзбек чек арасындагы пост

Ханабаддагы жардыруулар жөнүндө ар түркүн, улам кубулуп өзгөрүлгөн маалыматтар келип түшүүдө. Өзбекстан тараптын ырасташынча, жардыруу Кыргызстандын аскер кампаларында болушу мүмкүн. Кыргыз тарап өз кезегинде бул маалыматты төгүндөп, Өзбекстандын Ханабад шаарында милиция бөлүмүнө кол салуулар болгонун билдирүүдө.

Бүгүн Өзбекстандын Ханабат шаарына жакын жердеги Кыргызстандын Бек-Абат чек ара бекети саат 14төн кийин жолоочуларды өткөрө баштады. Бирок өзбек чек арасы жабык турат. Өзбекстандыктар Кыргызстанга Жалал-Aбат облусундагы Бек-Абат бажы жана чек ара бекети аркылуу өтүп келишчү. Чек арасы жабык болгондуктан Өзбекстандан Жалал-Абаттын базарына жашылча-жемиш келген жок.
Бек-Абат бекетинде жүргүнчүлөрдү күтүп турган айдоочу Исмаилжан Маманазаровдун айтымында чек аранын жабылгандыгынан жашылча-жемиш ташып, үй-бүлөсүн баккан карапайым жарандар жабыр тартууда:

- Көбү кайтып келди. Кыргызстандык адамдарды Өзбекстанга өткөргөн жок. Азыр Кыргызстандын чек арасы ачылганына 5 мүнөт болду, ал эми Өзбекстандыкы ачылдыбы, ачылбадыбы билбейбиз.

Жаңылык агенттиктери жазып чыккандай, 26-майга караган түнү коңшу өлкөнүн Ханабат (совет биримдигиндеги аты Совет-Абат, ага чейинки аталышы Кара-Багыш) шаарындагы жардыруу болгон. Шаарга чек ара жана ички иштер аскерлери тартылып, аскер техникалары киргизилген.

Аталган шаардан 80 чакырым ыраактагы Анжиян шаарында жана ага кеткен жолдорго тосмолор орнотулган. Жергиликтүү тургундар маалымат агенттигине жардыруудан адамдар курман болгонун билдиришкен.

Бирок Ханабат акимиатынын кызматкери жардыруу болгонун жана кишилердин өлгөнүн жокко чыгарды. Өзбекстандык аталган өкүлдүн ырасташынча, жардыруу Кыргызстандын аскер кампаларында болушу мүмкүн.

Өзбекстандык бейрасмий булактардан алынган маалыматтар боюнча Ханабат шаарына түн жарымда куралдуу 20-25 киши чабуул жасаган. Натыйжада Канабат шаардык ички иштер бөлүмү жардырылган, ушу тапта Өзбекстандын чек арасын бойлой ар бир 20 метр жерде сакчылар турат. Анжиян шаарына аскер техникалары киргизилген.

Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн чек арасында коопсуздук иштери күчөтүлүп, коомдук тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Облустук ички иштер башкармасына Өзбекстандагы окуя тууралуу расмий маалымат түшкөн эмес. Башкарманын штаб башчысынын орунбасары Ибрагим Шатманалиевдин билдиришинче, облус аймагында эч кандай жардыруу болгон жок, абал тып-тынч. Ханабат шаарына жакын жерде Кыргызстандын аскер кампасы болушу мүмкүн эмес.

Ибрагим Шатманалиев өзбекстандык кесиптештеринен алган маалыматтарга ылайык, белгисиз төрт киши Ханабат шаардык ички иштер бөлүмүнө кол салып, аны граната менен жардырышкан. Жардыруудан ички иштер бөлүмүнө жакын турган киоск кулап, ал бир кызматкерди басып калган.

Өкмөттүк аскерлер менен эки тараптуу ок атышуу болгон мезгилде, чет тилдерде сүйлөгөн, сакалчан ал бейтааныш кишилер белгисиз жакка качып кетишкен. Ханабат шаарына келаткан жолдо бир автоунаанын айдоочусунун колу-бутун таңып, аны буудай талаасына ыргытышкан.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG