Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Лахордогу чабуул- согуштун кеңейүүсү


Сваттагы талиптердин көтөрүлүшүнүн ана башы Мавлана Фазллуа жана сваттык талиптердин өкүлү Муслим Хандын гезиттерге жарыяланган сүрөттөрү. Пакистан өкмөтү Мавлана Фазллуанын башы үчүн 5 миллион рупий( 62 250 АКШ доллары) сыйлык убада кылды.
Сваттагы талиптердин көтөрүлүшүнүн ана башы Мавлана Фазллуа жана сваттык талиптердин өкүлү Муслим Хандын гезиттерге жарыяланган сүрөттөрү. Пакистан өкмөтү Мавлана Фазллуанын башы үчүн 5 миллион рупий( 62 250 АКШ доллары) сыйлык убада кылды.

Пакистандын чыгышындагы Лахордо 27-майда автомобилчен жанкечтинин бомба чабуулунан 24 киши өлдү. Жарадар болгондордун саны 300дөй болот. Чабуул өкмөттүк күчтөрдүн түндүк батыштагы Сват өрөөнүндөгү анти-экстремисттик операциясына талиптердин жообу катары бааланууда.

Лахордогу өкмөттүк мекемелерге, анын ичинде Пакистандын башкы чалгындоо кызматынын кеңсесине 27-майда мыкты куралданган согушчандар да кол салышты. Автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан 24 киши өлдү, 300дөй адам жарадар болду. Бомба жарылган жайда килейген аң пайда болуп, имараттар кыйраган, бир нече машине экинчи пайдалангыс болгон.

Бул чабуул үчүн
Пешавардын чоң көчөлөрүнүн биринде 28-майда удаа жарылган бомбадан кеминде 9 киши өлүп, 100 чакты адам жарадар болду.
жоопкерчиликти Хакимулла Мехсуд өзүнө алып, чоң шаарларындагы өкмөттүк обьектерге дагы кол салынарын батыш агенттиктерине чалып чалып эскертти. Хакимулла Мехсуд Пакистан талиптеринин башчысы Байтулла Мехсуддун орун басары саналат.

Пенжаб провинциясынын 10 миллион калктуу борбору Лахордогу чабуулу “элдин үрөйүн учуруп, кыжырын келтирди”, дейт жергиликтүү серепчи Ахмед Рашид. Анын “Азаттыкка” айтышынча, армия Сват өрөөнүндө чабуулга өтүп, Малаканд регионунда экстермисттерди курчоого алгандан бери эле согушчандардын чоң шаарларга кол салары күтүлүп жаткан:

-Албетте, биз чабуулду мындан эрте күтүп жатканбыз. Бул Сваттагы жана башка жерлердеги чабуулдарга жооп экени калетсиз. Алар башка да фронт ачып, өкмөт менен жетекчиликти коркутууну каалашат. Биз чабуулду мурдатан күткөндүктөн, анын эми болгону мени таң калтырды.

Март айында экстремисттер Лахордо Шри Ланканын крикет командасына жана полиция академиясына кол салышканда бир нече адам
Лахордогу полициянын жана чалгындоо кызматынын имараттары автомобилчен жанкечтинин бомба чабуулунан кийин. 27-май.
жарадар болгон.

Пакистандын ички иштер министри Рехман Малик Лахордогу чабуулду “өлкөнү дестабилдештирүүнү каалаган анти-пакистандык элементтердин иши” деп атады жана өкмөт козголоңчуларга каршы чечкиндүү аракеттенерин билдирди:

-Биз согушчандардын ар бир сөзүн угуп, атүгүл шарият мыйзамдарын киргиздик. Бирок алар өкмөт менен сүйлөшүп, өз бийлигин орнотууну каалашса, ага макул болбойбуз. Өкмөттүн согушчандар менен бул маселени талкуулап-сүйлөшүүсүн каалабайбыз эми.

Маалыматтарга караганда, Пакистандын батышындагы Вазирстан регионунда талиптер жайкы чабуулга камданып, кеңири аймакта миналарды орнотуп жатканы кабарланууда. Алар бир нече багытта фронт ачып, аскерлердин күчүн бытыранды кылгысы келет, деп боолгойт Ахмед Рашид:

-Талиптер армияны ар жакка бөлүп, Сватка болгон кысымды жеңилдетүүнү каалайт. Ошон үчүн Пешавардын түндүк батышында, Федералдык башкаруудагы уруулардын аймагына чабуул жасап, азыр Лахорго, балким Пенжябдын башка бөлүктөрүндө да чабуулга өтүшөт.

Автомобилчен жанкечти бомба жардырган жайда. 27-май, Лахор.
Бейшемби күнү түндүк батыштагы Пешавар шаарында эки бомба чабуулунда кеминде беш киши өлдү, 100 чукул адам жарадар болду. Андан көп узабай шаар четиндеги бекетте шектүү жанкечти жардырган бомбадан, ырасмий маалыматка караганда, төрт полициячы курман болду.

Пакистан өкмөтү талиптердин 21 командири кармалганан жана ай башында талиптерге каршы башталган операциянын жүрүшүндө 1 миңден ашуун согушчан жок кылынганын бейшемби күнү билдирди.

Чукул арада Сваттагы жана Малаканддагы согушчандар талкаланбаса, согуш жайкысын өлкөгө кеңири жайылат деген пикирде пакистандын көпчүлүк серепчилер.

XS
SM
MD
LG