Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Обама мусулмандарды муюта алабы?


Президент Барак Обама АКШнын көңкү мусулмандарга багышталган саясатын өзгөртүүнү көздөйт.
Президент Барак Обама АКШнын көңкү мусулмандарга багышталган саясатын өзгөртүүнү көздөйт.

Бүгүн, 4-июнда АКШ президенти Барак Обама көңкү мусулман жамагатына багыштап программалык сөз сүйлөйт. Ак үйдүн өкүлдөрү ырасташкандай, Обама өз сөзү аркылуу жалпы ислам дүйнөсү менен сүйлөшүүнүн аваз-апазын өзгөртөт.

Жалпы мусулман жамыятына Обама Каирден туруп кайрылмай болду. Буга чейин байкоочулар президент бул үчүн дүйнөдөгү эң чоң мусулман өлкөсүн - Индонезияны тандап алат деп болжолдошкон эле.

Мисирликтер мындай турсун бүткүл араптар биригип дүйнөдөгү мусулмандардын он беш процентин түзөт. Бул аз келсе Египет дээрлик отуз жылдан бери чукул абал режиминде жашайт, жарандык эркиндиктер кескин чектелген, 8 миңдей саясий айыпкер түрмөдө отурат. Анда эмне үчүн Обама Египетти тандап алды?

Каирдеги Америка университетинин социологу Саид Садек бу чечимдин стратегиялык бир себебин атап, Кошмо Штаттарынын чыныгы проблемалары Азиядагы же дүйнөнүн башка аймактарындагы мусулмандар менен эмес, дал арап мусулмандары менен байланыштуу болуп жатканын эске салды. Египет болсо арап мусулмандары арасынан АКШнын жакын союздашы болуп келатат, Израил менен биринчилерден болуп мамилесин жөнгө салды, жөөт-палестин жаңжалында стратегиялык ролу бар, Ирандын гегемониясын ооздуктап турат. Ошондуктан Обаманын Каирди тандап алганын табигый иш катары караса болот.

АКШдагы Карнеги фондусунун эксперти Мишел Данн президент Обаманын өкмөтү Жакынкы Чыгышта дымактуу иштерге белсенип жатат, ошондуктан ал арап дүйнөсүнөн тышкары жерде туруп жалпы мусулмандарга кайрылса, мунусу жөнөкөй эле иштей көрүнүп калмак деп эсептейт.

Данн Египеттеги сөзүндө Обама арап-израил чатагы, Иран сыяктуу маселелер менен чектелбейт, адам укуктары, демократия маселелерине да кайрылат деп болжолдойт.

Мисирлик саясий илимпоз Амр Хамзави бул ойго кошулат. Каирде Обамага жалпы мусулман дүйнөсү менен түзүлгөн алакаларга эле эмес, Жакынкы Чыгыштын өзүндөгү көптөгөн тыкыр саясий, коопсуздук маселелерине кайрылганга да мүмкүндүк түзүлөт.

"Египетте, арийне, демократия, адам укуктары маселесине келгенде чоң өксүктөр бар, бирок жалпысынан ал кантсе да байистүү, абайлуу реформага ыктаган заманбап өлкө",-дейт Хамзави.

Вашингтондо иштеген арап тележурналисти Надия Билбасси президент Обама өз сөзүндө Америка ислам менен согушуп жатпаганын жана эч качан согушпай турганын,дегеле батыш жана ислам цивилизациясынын ортосунда эч кандай антагонизм жоктугун баса белгилеп айтат деп ишенет.

Египеттеги эң ири оппозициялык "Мусулман боордоштугу" тобунун башчысы Мохаммед Махди Акиф америкалык президенттин визитин кубаттады. Ошол эле учурда Обамага өтө оор мурас калганын белгиледи. "Иракта, Ооганстанда жана Палестинада мусулмандардын өмүрү кыйылып, мүшкүлгө түшүп жатканы, Израилге Вашингтон айныбай колдоо көрсөтүп жүргөнү – мурдагы администрациядан калган мурастар мына ушулар",-дейт Акиф.

Көңкү мусулман дүйнөсүндө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта АКШга көп жагынан күдүктөнүп карашат.Обама айтчу сөздөрдү кунт коюп угушат, бирок анын администрациясы практикалык жактан кандай кадамдарды жасайт - региондо дал ушуга кылдат баам салып турушат.

"Бу жагынан так план жана аны жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү аталышы керек, ушундай кадам гана Вашингтондун бүткүл ислам дүйнөсүнө мамилеси өзгөргөнүн көрсөткөн ишаара болот",-дейт мисирлик социолог Саид Садек.

XS
SM
MD
LG