Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

АКШ Кубага сөз айттырса, бүт Латын Америкасы кулак түрүүдө


Хиллари Клинтон, Обама Клинтонду Сан-Салвадорго жиберди, Кубага сөз айттырды. АКШнын Латын Америка саясатында терең өзгөрүш башталдыбы?
Хиллари Клинтон, Обама Клинтонду Сан-Салвадорго жиберди, Кубага сөз айттырды. АКШнын Латын Америка саясатында терең өзгөрүш башталдыбы?

Өткөн кылымда Кошмо Штаттары Латын Америкасында коммунизмге болушунча каршылык көрсөтүп, бул үчүн улутчулдарды да, оңчул режимдерди да колдоп келген. Бул биринчи кезекте коммунисттик Кубага тийешелүү. Мына эми президеинт Обаманын администрациясы Гавана менен айрым маселелерди талкуулоого даяр экендигин билдирүүдө. Бул өз кезегинде АКШнын Латын Америкасы менен алакасындагы олуттуу бурулушту каңкуулайт.

Өткөн апрелде Тринидад-Тобагодо болгон Эки Американын саммитинде Обама АКШнын Куба менен алакасын жаңы жолго салууга даяр экендигин мындайча бышыктаган:

- Акыркы 50 жылдагы биздин саясат каалагандай жыйынтык берген жок. Кубанын эли эркиндикке жете албады. Бул - АКШнын Кубага карата саясатындагы эң башкы багыт.

Экс-президент Жорж Буштун мезгилинде мамкатчынын Батыш жарым шары боюнча жардамчысы болгон Рожер Нориега Кубада коммунисттик режимдин жарым кылымдан бери туруштук берип келатышын АКШ саясатынын чабалдыгынан эмес, Латын Америкасындагы башка өлкөлөрдүн Гаванага карата жетиштүү кысым көрсөтпөгөнүнөн деп билет.

Бирок ал АКШнын азыркы президентинин Латын Америкасы менен алаканы аз-аздап өзгөртүп жаткандыгын туура деп эсептейт:

- Менимче, Обама 3-5 жылдан берки саясатта кескин булуруш жасабастан, акырындап аракет кылып жатканы үчүн аймакта ага жогору баа берип жатышат. Ошол эле мезгилде, эгер ал АКШнын саяасатын терең өзгөртүүдөн мурда, Кубадагы режимден демократиялаштырууну, адам укуктарын урматтоодо конкреттүү кадамдарды талап кылса, мен Обамага жана анын командасына андан да жогору баа берет элем.

Нориега Гавана менен сүйлөшүү АКШ-Куба алакасын кескин өзгөртпөгөн күндө да, аймактагы башка өлкөлөр менен мамилеге огожо болот деп эсептейт.

Томас Каросер да АКШ менен Кубанын алакасы бир заматта өзгөрүп кетээрине көзү жетпейт. Каросер - Вашингтондук саясат таануучу Карнеги атындагы Эл аралык Тынчтык корунун эл аралык саясат жана башкаруу бөлүмүнүн вице-президенти:

– Менимче, Кошмо Штаттары бул сүйлөшүүлөр бара-бара көптөгөн ар кыл башка маселелерди да камтыйт деп үмүттөнүүдө. Куба боюнча көзөмөл алдындагы тажрыйба өтүп жатат дейт элем. Ал Обама администрациясынын кадамдарына кандайдыр бир жооп бериши керек. Менимче, Куба - бир гана кадам, биз мындан канчалык эмне майнап болоорун болжолдой албайбыз. Ошол эле мезгилде Кошмо Штаттары бул багытта иш-аракетин улантаарына баарыбыздын көзүбүз жетип турат.

Ушул күндөрү Барак Обама мамкатчысы Хиллари Клинтонду Эл-Салвадордо жаңы шайланган солчул президент Маурицио Фунесдин ант берүү аземине жиберди. Каросердин айтымында, бул жана Кубаны сүйлөшүүгө чакыруу сыяктуу кадамдар Кошмо Штаттары бүтүндөй Латын Америкасы менен күжүрмөн дипломатиялык мамиле түзүүгө даяр экендигин айгинелейт.

«АКШнын Куба менен алакасы кандай өнүгөөрүн болжолдоо кыйын,- дейт саясат таанучу, - анткени баары тараптардын турумуна жана бир-бирине мамилесине жараша болот». Ошол эле убакта Каросе да, Нориега да Вашингтондун Латын Америкасындагы башка мамлекеттер менен алакасында жаңы жана келечектүү алакалар башталып жаткандыгы айныксыз экендигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG