Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Экологияны коргоо - экономикага огожо


Ооганстандагы бул кирпич заводу жергиликтүү элге иш жана булганч аба алып келди.
Ооганстандагы бул кирпич заводу жергиликтүү элге иш жана булганч аба алып келди.

5-июнь - Эл аралык Айлана-чөйрөнү коргоо күнү. Бул күндү дүйнөдө ар түрдүү иш-чаралар менен белгилешүүдө. Казакстанда велосипед жүрүшүнө, ал эми Кыргызстанда тоо чокуларын тазалоо иштерине даярдык көрүлүп жатат. Бирок турмуш каатчылыгы, экологиялык аң-сезимдин, коомдук демилгенин жана демократиялык эркиндиктердин чектелүүлүгү табигатты коргоого кесепетин тийгизип келатат. Адистер экология экономикага кедерги эмес экендигин айтышууда.

Кыргызстанга келүүнү каалагандар үчүн дүйнөлүк саякат китептерин барактасак, биздин өлкөдө, жалпы эле Борбор Азияда экологиялык көйгөйлөргө арналган бөлүмдөрдү окуган кишинин заманасы куурулгудай. Арал деңизинин соолушу, ядролук сынак полигондору, уран таштандылары көмүлгөн жайлар, пахта плантацияларында колдонулган пестициддерден суулардын булганышы, айтор айтып отурса сөз түтпөйт.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жеке адамдардын экологиялык аң-сезими менен катар, бийликтердин ынтызарлыгы да чоң мааниге ээ. Тилекке каршы, экономикалык проблемалар биринчи планга чыккан мезгилде айлана-чөйрө арткы планда калууда. Ушул жаатта Европа Биримдигинин учурдагы президенти болгон Чехиянын Экология министринин орун басары Ян Дусек "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Демократиядагы кемчиликтер айлана-чөйрөнү коргоого да кесепетин тийгизиши мүмкүн. Ушундан улам менин пикидимде, Европа биримдиги Борбор Азияда демократиялык чечим кабыл алуу системасын колдоо менен, айлана-чөйрөнү коргоого да салым кошо алат. Европа биримдигинин мыйзамдарын көчүрүп койсо деле болот, бирок чечимдер демократиялык жол менен кабыл алынбаса, аларды ишке ашыруу кыйын.

Европа биримдиги учурда Борбор Азияда мөңгүдөн пайда болгон көлдөрдүн коркунучун алдын алуу, таштандыларды кайра иштетүү, күндүн, шамалдын күчүн пайдалануу сыяктуу долбоорлорду каржылап жатат.

Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын чегинде да көп иштер жасалууда. Дүйнөлүк Экология күнүнө байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Ленин чокусун алпинисттер таштандылардан тазалоого даярданышууда. 25-июнда башталып, жайдын этегинде бүтө турган акция «Таза тоо» деп аталып, таштандылар 4-5 миң метр бийиктикте тазаланат.

Ал эми Казакстанда ушул жекшембиде бул күнгө арналган велосипед жарышы өтөт. Жергиликтүү уюмдар катышкан, агартуучулук максаттагы мындай иш-чаралар албетте керек. Бирок бийликтер узак мезгилдүү стратегияны да унутта калтырбашы зарыл. Анткени айлана-чөйрөнү көзгө илбеген элдер кыргыздын эпосундагы Кожожаштын кейпин кийип каларына бизде да, башка аймактарда да мисалдар көп.

Анын үстүнө, экологияга кам көрүү сөзсүз эле экономикалык өнүгүүнүн эсебинен жүрүшү керек эмес. Кошмо Штаттарында президент Обама айлана-чөйрөнү коргоочу чаралардын аркасы менен жумуш орундарын көбөйтүүнү көздөп жатканы маалым.

Мурда коммунисттик лагерге кирген, азыр Европа Биримдигине мүчө болгон Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрү да көз карандысыздыктын 20 жылында экономика менен экологиянын ортосунда карама-каршылык жок экендигине күбө болушту. Бул тууралуу Чехиянын экология министринин орун басары мындай дейт:

- Таштандыны, таштанды сууну тазалоо иштерине, «түгөнбөс» энергия булактарына инвестиция салуу айлана-чөйрөнүн абалын эле жакшыртпастан, жумуш орундары да түзүлөт, жергиликтүү ишканалар өнүгөт. Кайтарымы начар болсо да, кээ бир өндүрүштү ар кандай айла-амал менен сактап калуу керек деген туура эмес. Биз ишканаларды кайра куруп, модернизациялап, табигатка да пайдасы тийип, элге, ишканаларга жаңы жумуш орундарын алып келе турган иштерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек.

XS
SM
MD
LG