Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Барак Обаманын кайрылуусу Түркияда жылуу кабыл алынды


АКШ президенти Барак Обаманын Египеттеги Каир университетинде Ислам дүйнөсүнө кайрылып айткан сөздөрү Түркияда да байма-бай талкууланууда.

АКШ президенти Барак Обаманын Каир шаарында айлардан бери күтүлүп келген тарыхый баяндамасы Түркиядагы бардык улуттук жана жеке сыналгы каналдары аркылуу түз обого чыгарылып, бир күн бою адистер Обаманын Каир университетинде Ислам дүйнөсүнө арнап айткан сөздөрүнө талдоо жасашты.

Америкалык президенттин Куранга шилтеме берип, Иран өзөктүк программасын тынчтык максатта колдонууга укугу бар деген сөздөрү жана өзгөчө жакында эле Анкарада болгон кезинде “мен Анкарада айкындап айткан өңдүү, АКШ эч качан Ислам менен согушта эмес жана эч качан болбойт” деп айткан сөздөрү түрк эли тарабынан жылуу кабыл алынды.

Түркиянын президенти Абдулла Гүл президент Обаманын кайрылуусу менен байланыштуу билдирүү жасап, бул тарыхый баяндаманы “ак нийеттүү, дурус жана реалдуу” деп бааларын айтты. “Обама бул айткан сөздөрү менен “тынчтык үчүн конструктивдүү бир лидер экенин дагы бир жолу көрсөттү” деди президент Гүл.

- Обаманын айткан сөздөрүн абдан ачык жана айкын деп баалар элем. Президент Обаманын Ислам өлкөлөрүнүн жарандарынын басымдуу көпчүлүгү көкүрөгүндө сактап келген пикирин билдирип, аны да өз тили менен айтышы - оң мүнөздүү окуя. Анын бүгүн Каирде айткан сөздөрүнүн ал президенттикке шайланардан алдын айткан сөздөрү менен ажырым болбогону анын ишенимдүүлүгүнүн далили боло алат. Аймактык тынчтык үчүн ал баяндаган турумдарын абдан туура деп таптым.... Айтор, АКШ президенти бүгүн айткан сөздөрү жана берген убадалары менен, Ислам дүйнөсү үчүн тынчтык жана туруктуулук үчүн ишенимге татыган бир лидер экенин даңазалады.

Обаманын Курандын айрым аяттарына шилтеме жасаганы жөнүндөгү пикирин жеке бир сыналгы менен болгон майегинде тең бөлүшкөн Стамбул шаарынын муфтийи Мустафа Чагрыжы “дүйнөнүн эң ири өлкөсүнүн президентинин мусулмандарга кайрылып, Ислам дининин ыйык булактарына шилтеме жасашы абдан маанилүү, атүгүл тарыхый окуя” деген пикирин билдирди.

Тасмада: Б.Обаманын сөзүнө кыргызстандыктардын пикири

Б.Обаманын сөзүнө кыргызстандыктардын пикири
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00

XS
SM
MD
LG