Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Кризис жана “Газпромдун” жаңылыш стратегиясы


"Газпромдун" Москвадагы башкеңсесиндеги тамга.
"Газпромдун" Москвадагы башкеңсесиндеги тамга.

Россиянын “Газпрому” бир жыл мурда эле дүйнөдөгү үчүнчү чоң компания болчу. Бир жыл ичинде өкмөттүк “Газпром” наркынын үчтөн экисин жоготуп, дүйнөдө 40-орунга түштү. “Москоу Таймс” гезитинин жазышынча, азыр “Газпромдун” жалпы наркы 120 миллиард доллар.

Өкмөттүн ээлигиндеги “Газпромдун” базар баасы бир жылда 350 миллиард доллардан 120 миллиард долларга түшүп кеткени аз келгенсип, дагы бир балээге кабылды. 2-июнда Россиянын антимонополия комитети “Газпром” экспорттук газ боролорун
"Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө, өзгөчө, Түркмөнстанга газыңдын кереги жок, канткенде да биз төлөйлү деген акчаны баари бир төлөй албайбыз деп айтты."
Профессор Стерн
көзкарандысыз газ өндүрүүчүлөр менен тең бөлүшсүн деген токтом чыгарды. “Газпромдун” буга чейинки ийгилигинин сырын Италияда жайгашкан “Equilibri.net” аналитикалык группасынын талдоочусу Федерико Бордонаро мындай түшүндүрөт:

Газдын арзандоосу менен "Газпромдун" башчысы Алексей Миллердин инвестициялык стратегиясы жаңылыш экени айкын болду.
-Акыркы жылдары мунай-газдын кымбаттаганынан “Газпром” аябай пайда көрдү. Албетте, 2008-жылдын ортосунда баанын күтүүсүз ылдыйлаганы, “Газпромго” катуу сокку болду. “Газпромдун” инвестициялык жаңылыш стратегиясы же кирешесин алдыңкы технологияга жана техикага жумшабай, башка компанияларды жең ичинен сатып алуусу, ошондой эле орус-украин газ чатагына аралашуусу чоң зыян алып келген.

Натыйжада, “Газпромдун” карызы 4 миллиард долларга жетип, токтобой өсүүдө. Россиянын аймагындагы газ боролору да эскирип бүткөндүктөн, “Москоу Таймс” жазышынча, “дүйнөдө куурлары “Газпромдукундай” көп жарылган бир да компания жок.”

“Газпром” былтыр Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен газ үчүн“европалык баада” түзгөн келишимден да чоң чыгым тартты көрүнөт. Бир жыл мурда дүйнөлүк базарда 1 миң куб газ 400 доллар болсо, азыр 300 доллар. Жыл аягына 200 доллар болот деп болжолдонууда.

Лондондогу Охсфорд институнунун газды изилдөөлөр боюнча директору, профессор Жонатан Стерндин “Газпромдун”абалы жөнүндөгү пикири:

- Азыр “Газпром” жагдайды өзгөртүш керек жана кырдаалга мамилесин өзгөрттү. Борбор Азия өлкөлөрүнө, өзгөчө, Түркмөнстанга газыңдын кереги жок, канткенде да биз төлөйлү деген акчаны баари бир төлөй албайбыз айтты. Бул, албетте, Борбор азиялыктарды кубанткан жок.

Профессор Стерндин сөзүнчө, “Газпромдун” атаандаштарын газ боросуна жолтопой жүргөнүнө премьер-министр Путин жана вице-премьер Сечин нааразы болуп жүрүшкөн:

- Ырас эле, азыр Россиянын газына болгон талап дүйнөдө кескин азайды жана “Газпромдо” газы көп болгондуктан, газдын башка булактарын бууп салгысы келет. Ошон үчүн көзкарандысыз өндүрүшчүлөр борого жолотулбай жатканын Путин жана Сечин билишет.

Ушундан улам, “Газпромдун” жетекчилиги жакын арада алмаштырылышы мүмкүн дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG