Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Түндүк Кавказда кырдаал тынч эмес


5-июнда Махачкалада Дагестандын ички иштер министри, генерал Адилгерей Магомедтагиров киши колдуу болду. Арадан бир күн өткөндө чечен өкмөтүнүн биринчи орун басарынын жардамчысы Мусост Хутиевди кимдир бирөөлөр атып кетишкен. Ошол эле күнү Ингушетияда рейд өткөрүп жүргөн милиция тобуна ок ачылган.

Генерал-лейтенант Адилгерей Магомедтагиров огу алыска тийчү «Винторез» куралынан атылганы дайын болду. Бур тууралуу адис Дауд Аблуллаев билдирди. Кызык жери, бул куралды колдонууга Орусиянын Коргоо министирлиги, ФСБ жана ИИМдин тандалган бөлүктөрүнө гана уруксат берилген. Мындан сырткары министрди согушта пайдаланчу курал менен атышкан.

Дагестандын ички иштер министринин киши колдуу болушун кайсы бир серепчилер тоо таянып, жашырын бүлүк салган исламчыл топтордун өч алышы дешет. Адилгерей Магомедтагиров аларга карата катуу чара колдонуп келген. Дагы бир серепчилер муну Дагестан президенти Муху Алиев жүргүзгөн саясатка каршы жасалган аракет катары баалашууда.

Кандай болгондо да өлкөдө кадыр-баркка өзү жетип, эл көзүнө көрүнгөн министрдин киши колдуу болушу азыркы бийлик чамасын чак кылат, дейт Түндүк Кавказ боюнча эксперт Иван Сухов:

- Албетте министрдин киши колдуу болуп өлүшү - Муху Алиевдин карманган жолун алсыратты десек болот.

Байкоочулар Дагестан бийлигинин көрүнүктүү өкүлүн күндүз, көпчүлүктүн көзүнчө атып кетүү - Түндүк Кавказдын дагы эле ок атышуудан тажай электигинен кабар берерин белгилешет.

Саясий талдоочу Тимур Музаевдин айтымында, авар генералынын киши колдуу болушуна дагы бир божомол айтылууда. Окуянын ушундай өнүгүшүн Москвадагы бийликтин күч тармагы деп коюучу топ каалаган. Дагестандын ыр-чырдан башы арылбай, кландардын жакалашуусу ошолордун табасын кандырат. Саясатчы Тимур Музаев мунун опурталдуу жагы бар, дейт:

- Дагестанда ички жагдайдын өөрчүүсүнө Москва бул жакта калсын, Махачкаланын көз салуу мүмкүнчүлүгү колдон чыккан.

7-июнда Чеченстан жана Ингушетия биргелешип өткөргөн операция маалында бир милиция окко учкан. Ошол эле күнү Аргун шаарында Чеченстан вице-премьеринин жардамчысы конокко барган жерде кимдир бирөө тарабынан өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG