Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Иранда шайлоо өтүп жатат


Иран -- Исфаханда добуш берүү үчүн кезекке тургандар арасында аялдар көп.
Иран -- Исфаханда добуш берүү үчүн кезекке тургандар арасында аялдар көп.

Иранда бүгүн шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны өлкөдө 46 миллиондон ашат, алардын теңине жакыны ислам революциясынан кийин төрөлгөн. Президенттик кызматка төрт киши талапкер болууда. Бийлик өкүлдөрү билдиршкендей, шайлоочулардын активдүүлүгүнөн улам добуш берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Добуш берүү жайлары ачылгандан тартып эле шайлоочулардын активдүүлүгү байкалды.Тегеранда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында добуш бергени чубалжыган кезекке тургандар саны улам узарып баратат.

Президенттик кызматты төрт талапкер талашууда. Алардын ичинде азыркы өкмөт башчысы Махмуд Ахмединежад Тегеранда өз шайлоо округунда добуш берген соң "Иран элине алпейимдиги,улуулугу,каармандыгы,туруктуулугу жана айкөлдүгү үчүн" чын жүрөктөн алкоо айтты.

"Элдин катышуусу менен гана жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыларына,маанилүү жаңы чечимдер кабыл алынарына жана таасын аракеттер жасаларына ишенем",-деп билдирди Ахмединежад.

Талапкерлер арасынан бүгүнкү шайлоодо Ахмединежадга эгей-шыгай атаандаш болот деп мурдагы премьер-министр,реформист Мир Хоссейн Мусавини айтып жатышат.

"Кудай буйруса, бүгүн бүткүл өлкө боюнча адамдардын активдүүлүгү аркасында биз жакшы келечекке үмүт кылабыз", - деп айтты Мусави бүллүтөн таштап бүткөн соң.

Дагы эки талапкер - межилистин мурдагы спикери,реформалардын тарапкери Мехди Карруби, ислам революциясынын сакчылары Корпусунун мурдагы командачысы Мохсен Резаи да коомдогу өзгөрүштөрдөн дамаа кылып жатышканын ырасташты.

Байкоочулар баамында бүгүн аялдар өзгөчө активдүү болушу мүмкүн.Алардын басымдуу көпчүлүгү калкка жарандык бир топ эркиндиктерди убада кылган байистүү талапкерлерди колдойт дешет.

Аймактардагы,элет жериндеги улуттук ар түрдүү тайпалардын,диний азчылыктын өкүлдөрү да шайлоонун натыйжаларын өзгөртө алышат.Алар адат катары реформисттер үчүн добуш берип жүрүшөт.

Консерваторлордун кандидатына шаарлыктардын жакыр катмары,элет тургундары арбын добуш берет өңдөнөт. Реформачылар болсо калаа калкынын билимдүү жамаатына, орто таптын өкүлдөрүнө ишеним артып жатышат.

Ирандын тышкы саясатындагы өзгөрүүлөргө үмүттөнүп,бүгүнкү шайлоого чет жактарда да, айрыкча АКШда,Израилде,Евросоюз өлкөлөрүндө сырттан агылгалап байкап,көз багып турушат.

Ирандык жаштар шайлоого жандуу катышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00


Видеотасма. Ирандык жаштар шайлоого жандуу катышты


Иранда жума күнү (2009-жылдын 12-июнунда) өткөн президенттик шайлоого өлкө жаштары жигердүү катышты. Рөйтерс кабар агенттигине берген маегинде алардын өкүлдөрү шайлоого олуттуу саясий маани берээрин ачыкташты.

XS
SM
MD
LG