Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

“Камбар-Ата-2” ГЭСин курууга Кыргызстандын акчасы жетпейт


Кыргыз өкмөтү “Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушун аягына чыгарууга жетиштүү каражат жок экендигин белгилеп, буга байланыштуу акционердик коом түзүлөрүн билдирүүдө. Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев акционердик коом түзүү аркылуу ГЭСтин курулушуна инвесторлордон каражат тартууга мүмкүн экенин белгилейт.

-Кыргыз өкмөтү “Камбар-Ата-2" ГЭСинин курулушунун аягына чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок экенин ачык эле айтууда. Буга байланыштуу “Камбар-Ата-2” ГЭСи деп аталган акционердик коом түзүүнү сунуш кылып атат. Сиз кандай дейсиз бул долбоорго инвесторлорду, насыя акча тартуу менен аягына чыгаруу мүмкүнбү?

-Албетте, биздин мамлекеттин “Камбар-Ата-2” ГЭСин курууга алы жетпестиги башынан эле белгилүү болчу да. Себеби биздин бюджет башынан эле тартыш, дефицит көп, тышкы карызыбыз да көп. Ошондой эле азыр ички абалыбыз да анчалык эмес, ошондуктан жанагы акционердик коом куруу бул дүйнөлүк тажрыйбада белгилүү нерсе. Акционердик коомдорду куруу аркылуу биз ошол республиканын ичиндеги же тышындагы акчасы көп адамдардын эсебинен бул ГЭСти куруу толук мүмкүн. Ал үчүн биздин республиканын ичинде ар кандай тоскоолдуктар болбошу зарыл да.

- “Электр станциялары” ишканасы аталган акционердик коомдун акциясынын 25%, ал эми мамлекет 75% ээ болот деп айтып атат да. Буга таянган өкмөт акциянын мамлекетке тиешелүү бөлүгү эч качан менчикке сатылбайт деп ишендирүүдө. Сиз кандай дейсиз, энергетика эң башкы байлык болуп турган учурда ишенүүгө болобу буга?

-Эми бул ошол азыркы жана кийинки боло турган өкмөттүн жүргүзгөн саясатына жараша болот. Негизи биздин электр энергетика, анын ичинен чоң-чоң ГЭСтер экономиканын негизин түзүп, стратегиялык абалга ээ болуп турганда буларды менчикке сатуу туура эмес да. Ошондуктан бул айтылган сөзгө, албетте, ишенем, ишенбейм деп айтыштын өзү да туура эмес. Бул өзү жөн эле мыйзам түрүндө бекитилиш керек да, мыйзам так аткарылышы керек.

-Айылчы мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG