Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Тажикстан: мурдагы ички иштер министри атынып өлдүбү же атып коюштубу?


Махмадназар Салихов
Махмадназар Салихов

Бейшембиде Тажикстанда өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Махмадназар Салихов акыркы сапарга узатылды.

Расмий маалыматка караганда, ал өз жанын өзү кыйган. Бирок Салиховдун уулунун жана жубайынын айтымында, аны атып коюшкан. Окуя 90-жылдардын башынан бери бир катар чоң кызматтарды ээлеп келген бул адамдын өз үйүндө, шаршемби күнү кечинде болгон.

Элүү эки жаштагы генерал–лейтенант Махмадназар Салихов Тажикстандын ички иштер министринин кызматынан быйыл январь айынын соңунда алынган. Бул мекемени ага чейин эки жыл жетектеген. Бирок бул Салихов ээлеген жогорку кызматтардын жалгызы эле эмес.

Кесиби боюнча юрист Салихов 1992-2003 – жылдардын аралыгында өлкөнүн башкы прокурору, президент аппаратынын башчысы, Конституциялык соттун төрагасы, кайра 2003-2006 жылдары президент аппаратынын башчысы кызматтарында иштеген. Дээрлик он беш жылга жакын ташы өйдөлөп гана турган бул адамдын ити чөп жебей калганына жарым жылдын жүзү болгон. Ал өзүн-өзүн атып алды деген 17- июнь күнү Тажикстандын Башкы прокуратурасы Салиховду камоого санкция берген экен.

Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги бейшембиде тараткан биргелешкен билдирүүгө караганда, Салихов оперативдүү топ мына ушул чечимди аткаруу үчүн анын үйүнө барганда өз жанын өзү кыйган. Генерал Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен атынган. Тажикстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Махмадулло Ассадулоев мындай дейт:

-Махмадназар Салихов акыркы айларда прокуратурага Тажикстандын ички иштер министрлигинин атайын багыттагы отрядынын командири, полковник Олег Захарченконун өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрсөтмө берүү үчүн бир нече ирээт чакыртылганын белгилеп кетүү керек. Бирок Салихов бул чакырыктарды жээрүү менен прокуратурага келген эмес. Ушундан улам Тажикстандын Башкы прокуратурасы тарабынан аны прокуратурга мажбурлап алып келүү боюнча чечими кабыл алынган.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы генерал Салихов ички иштер министринин кызматын ээлеп турган жылдары “мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы келген кылмыштарды жасаган” жана мунун далилдери бар болуучу деп эсептейт.

Анткен менен маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү расмий тыянакка каршы келген маалыматтарды айтышууда. Махмадназар Салиховдун он эки жаштагы уулу Худойназар Салихов “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун тажик кызматынын кабарчысына атасын үйгө келгендер эле атып коюшу ыктымал экендигин, ал октун үнүн атасы аны алып кетүүгө келгендер менен жабык эшик артында калгандан кийин укканын билдирди:

-Мен эмне айтмакчымын. Биз бул жерде турганбыз. Алар көп болушчу. Менин атамдын бир тууганын түртүп жиберишти. Алар андан ары эмне кылышты билбейм, бирок алар атамды ушул жерде атып салышты. Дарыгерлердин кирүүсүнө уруксат беришкен жок.

Салиховдун сөөгү бейшемби күнү өзүнүн кичи мекени катары эсептелген Хатлон облусунда жерге берилди.

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин бир Муххидин Кабири “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде бир катар жогорку кызматтарды ээлеп келген генералдын атынып өлүшүн мурда өзүнүн кол алдында иштеген адамдар тарабынан камакка алынып, сотто көрсөтмө берүүнү каалабаганы менен байланыштырды:

-Аскерий адамдардын көбүндө совет заманында, андан кийин деле өзгөчө генерал өңдүү жогорку наамдары болгон кезде, жазылбаган кодекстери бар. Мындай учурларда алар ошону колдонушат.

Ал эми бишкектик саясат тануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашында, тажик генералы өзүн өзү атып салганда же атып коюшкан күндө деле мунун артында бийликтин коррупциялык жана башка былык иштери жатат:

-Тажикстанда беш жылдык жарандык согуш болду. Андан кийин наркобизнестин коридору регионго Тажикстан аркылуу өтөт. Өтө чоң жана бекер жерден келип жаткан бул акчага чиновниктер арасында аралашпай калгандар чанда кездешет. Андыктан өзүн-өзү өлтүргөн же бирөөлөр көзүн тазалаган күндө деле негизги себеби ушул болушу мүмкүн.

Тажикстандык белгилүү оппозиционер, сүргүндө жашаган журналист Додожон Атавуллоев болсо “Фергана.ру” агенттигине берген интервьюсунда генерал Салихов жок кылынды, себеби ал “президент Рахмон тууралуу өтө эле көптү билген”, - деп белгилеген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG