Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

«Балканда согуш гезит беттеринде башталган»


Сараеводогу базар
Сараеводогу базар

Ненад Пейич Эркин Европа/Азаттык үналгыларынын уктуруулар боюнча директорунун орун басары. Ал соңку комментарийинде Балкан аймагында 1990-жылдардагы согуш алгач гезит беттеринде башталгандыгын эскерет.

"Телефондон хорваттар чалып, Сараево мамлекеттик сыналгысын «анти-хорват» сыналгы деп айыпташты. 1991-жылдын октябр айынын этеги болчи. Ал кезде мен ал сыналгынын программалык директору элем. Хорватияда согуш жүрүп жаткан. Биздин кечки жаңылыктарда хорват күчтөрү жергиликтүү славян чиркөөсүнүн башчысын сабап кеткендиги тууралуу кабар кеткен эле.

Ачуусу ашынган хорваттар бирок кабарлар топтомун толук көргөн эмес, анткени, кийинки кабарда католик чиркөөсүнүн кызматкерин сербдер сабап кеткендиги тууралуу айтылган эле. Ал кабардан кийин да себрдер телефон чалып, бизди анти-серб деп күнөөлөштү...

Эки окуя бир күндө орун алган, бирок экөөсүн тең чагылдырган бир гана Сарайево сыналгысы болгон.

Бул окуяны эстегеним, жакында Сербиянын согуш кылмыштары боюнча прокурору Балкан согушунда согуш кылмыштарын козуткан маалымат каражаттарын иликтей баштаганын кулагым чалды.

Бирок чындыгында мурдагы Югославияда согуштар 1991-жылы эмес, андан төрт жыл мурда, Слободан Милошевич Сербиянын президенти болуп шайланганда башталгандыгын көрө аласыз.

Согуш бийликтеги Югославиянын Коммунисттик партиясынын ичиндеги улуттар аралык тирештен башталган. 1989-жылдын июлунда Загреб университетинин Саясий илим департаменти партияга мүчөлүк атаандаш сербдер менен словендердин ортосунда бөлүнөөрүн жазып чыккан.

Андан кийинки айларда аталган топтордун саясий жетекчилери накта коммунизм менен парламенттик системаны колдогондордун ортосундагы идеологиялык талашты улуттар ортосундагы араздашууга айлантып жиберишти. Алар буга маалымат каражаттарын жана маалымат мейкиндигин колдонуу менен жетишишти. Маалымат каражаттары, чиркөөлөр, бүт коом словендер менен сербдердин бирин тандоого мажбур болду.

Ошол бойдон токтогон жок. Сербдер менен хорваттар. Себрдер менен мусулмандар. Сербдер менен албандар. Хорваттар менен музулмандар болуп жаатташуу башталды. Бул топтордун өз ичинде да патриот сербдер менен саткын сербдер, жакшы хорваттар менен жаман хорваттар, жакшы мусулмандар менен жаман мусулмандар болуп бөлүнүштү.

Бүгүн да мындай көрүнүштөр жок эмес. Дегинкиси коомдогу талкууда башкы көрсөткүч адамдын же элдин улуту болуп калганда, жаңжалдан да, диктатурадан да кутулууга болбойт окшобойбу. Бир улутту экинчи улут тукум курут кылууга киришкенде ал кармаш акыры бул топтордун өз ичиндеги саясий репрессия менен аяктайт.

Мен өзүм болсо, жеңилгенимди моюнга алам. Сарайевонун мамлекеттик сыналгысын теңчил, кесипкөй бойдон кармаш мүмкүн болбой калды. Мен мекенимен 1992-жылы согуш жүрүп жатканда кеттим. Балкан согуштарын козуткан маалымат каражаттарынан кимдир бирөө айыпталып, соттолооруна көзүм жетпейт.

Бирок бул согуштарда биринчи окту аскерлер эмес, жол башчыларынын буйругу менен, журналист сөрөйлөр «атышкан». Балкан согушу алгач маалымат каражаттарында башталгандай эле, бүгүн мылтык атылбай, бомба жарылбай калса да, «медиа-согуш» уланууда. Мурда алардын калпы согушка түрткү болсо, бүгүн алардын чындыкты жашыруудагы ролу андай кыйчалыш кырдаалдын сакталып кала беришине шарт түзүп жатат."

Эскертүү: Ненад Пейичтин комментарийинде айтылган пикирлер автордуку, ал пикирлер сөзсүз эле Азаттыктын турумун билдирбейт.

XS
SM
MD
LG