Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Апта окуясы: Үгүт иштериндеги алгачкы тиреш


Өтүп бараткан аптада президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт иштери башталды. Анын алгачкы күнү президенттикке талапкер президент К. Бакиев Таласта шайлоочулар менен жолугушуп, ал оппозиция талапкери, социал-демократ А. Атамбаевдин тарапкерлерине тоскоолдуктар менен коштолду.

БШК президент болуу ниетин билдирген жыйырмага чукул арыздын ичинен алтоону талапкер кылып каттап, мыйзамга ылайык 18-июндан үгүт иштери башталгандыгын жарыялады. Президенттикке башкы атаандаштардын катарында айтылып жаткан президент Курманбек Бакиев үгүт ишин таластыктар, ал эми экс-премьер министр Алмаз Атамбаев токтогулдуктар менен жолугушуудан башташты. Президенттин Таластагы жолугушуусу маалында күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлүп, ал оппозициянын таламын талашкандарды тосмолоо аркылуу коомчулуктун көңүлүн бурдурду.


“Азаттыктын” Таластагы кабарчысынын маалыматына караганда бул күнү президент жолугушуу өткөргөн “Манас-Ордо” борборуна оппозиция өкүлдөрүн жолотпоо, киргендерин кайра күч менен чыгаруу, кирүүнү талап кылгандарды күчкө салып таратты. Облустук, райондук деңгээлдеги оппозициялык лидерлердин алды кыйла убакытка милиция бөлүмүндө кармалып, кайра бошотулду. Алмаз Атамбаевдин сүрөтү тартылган футболкаларды кийген оппозиция тарапкерлеринин ортосундагы кан жолдогу кайым айтышуулар кийинчерээк милициянын күч колдонушуна чейин өсүп жетти. Мындай аракеттер президент жолугушуу өткөрүп жаткан “Манас-Ордо” борборуна өтүү аракеттерин жасагандарга каршы жүрдү. Кийинчерээк оппозициянын таластык тарапкерлери муну бийликтин административдик ресурстун жардамы менен шайлоочулардын укугун тебелеп-тепсеши катары баалашты.

Бул күнү таластыктар менен президенттин жолугушуусунун айланасындагы ызы-чуу Жогорку Кеңештин да көңүлүн буруп, оппозиция менен бийлик партия өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтыш пайда болду. Оппозицияга күч бийлигинин мамилесин айтып чыккан СДП фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаеванын маалыматын “ак жолчу” депутат Рашид Тагаев төгүндөп, Жогорку Кеңештин төрагасын мындай жалган маалыматтарды парламентте таратууга тыюу салууга чакырды. Ал эми “Ак жол” партиясынын төрага орун басары Автандил Арабаев төмөнкүдөй билдирүү менен чыкты:

- Биздин партиянын биринчи орун басары Табылды Орозалиев ошол жерде. Ал киши менен байланыштым. Ал жерде эч кандай жол тосуу, же сен киресиң, сен кирбейсиң деп элди бөлүп-жаруу болгон жок. Экинчиден Биздин партия биринчи майда курултай өткөргөн мезгилде 23-июлдагы президенттик шайлоого “Ак жол” элдик партиясы катышсын деп, өзүбүздүн талапкерди көрсөтүп, ошону менен бирге бул шайлоону ачык-так жана мыйзамдын негизинде өткөрүүгө чечим кабыл алганбыз. Ошонун негизинде партия, анын жер-жерлердеги райондук, облустук комитеттери, баштапкы уюмдары, “Ак жолду” колдогон Кыргызстан коммунисттери, “Жаңы Кыргызстан”, “Эркиндик” жана башка партиялар менен бирге шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө бардык иш-чараларды көрүп жатабыз. Ошондуктан менин коллегаларымды жана бизге оппонент болгон бардык саясий партияларды чакырып кетмекмин: ушул шайлоонун башталган биринчи күнү ар кандай ушак сөздөрдү, момундай мыйзамга жатпаган маселелерди коюп, мыйзамды бузууга өзүбуз жол бербейли.

Роза Отунбаева болсо бийлик партиясынын өкүлдөрүнүн бул билдирүүлөрүн чычалоо катары кабылдады:

- Бизге, эл депутаттарына трибуна элдин атынан ушундай фактыларды айтканга берилген. Таласта өтүп атса Бакиевдин тегерегинде турган Орозалиев көрүп аткан жоктур. Элди ошо жерде бөлүп, мына биздин БЭКтин облустагы жетекчиси, “Ата-Мекендин” өкүлү Курманалиеваны, башка бир топ кишини жыйындан четтетип, милиция алып кетти. Мен ошону айтып атканыма эмнеге момундай чычалаган сөздөрдү айтып атышат...

Кандай болгон учурда да бир айга созула турган президенттик шайлоонун үгүт иштери башталаары менен чыккан бул окуяны байкоочулар шайлоону уюштурууга көлөкө түшүрө турган жагымсыз көрүнүш катары баалашып, бул акыркысы эмес экендигин айтып жатышат. “Азаттыкка” берген интервьюсунда экс-министр, БЭКтин мүчөсү Исмаил Исаков:

- Мурунку Акаевдин учурундагыдай эле кетип баратат. Өзгөрүү болгон жери жок чынында. Бийликтегилер бийликти пайдаланып, мыйзамдарды одоно бузуу менен баштады. Таластагы окуя ошого далил болуп атат, - деди.

Шайлоо жараянына байкоо жүргүзүп жаткан “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошуракунованын билдиргенине караганда так талаш таймаш жаңы башталган азыркы шартта дароо кандайдыр бир тыянактарды чыгарууга жетиштүү аргументтер пайда боло элек. Ошондой болсо да укук коргоочу президент Бакиев Таласта жүргөндө жергиликтүү күч бийлигинин оппозицияга кысым көрсөтүүсүн административдик ресурстарды пайдалануунун белгиси катары эсептейт. Өз байкоочуларынын маалыматтарына таянган укук коргоочунун маалыматына караганда оппозициянын жергиликтүү тарапкерлери 18-июндагы милициянын аракеттерин сотко берип жатышат. Ошуракунова саясий өнөктүк маалында мындай жагдайларды күчөтпөштүн, чоң жаңжалдарга чейин өсүп жетишин алдын алуунун аргасын БШК табышы керек дейт:

- Борбордук шайлоо комиссиясынан атайын кайрылуу менен чыккыла деп айттык. Бийликтин өкүлдөрү эч кандай шайлоо жараяндарына кийлигишпесин деген кайрылуу жасашы керек.

БШК өз кезегинде Таластагы окуя боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп жаткандыгын маалымдоодо.

Төрага Дамир Лисовский үгүт өнөктүгү башталган күнү уюштурган маалымат жыйынында шайлоо кынтыксыз ачык-айкын өтөрүнө ишендирип өткөн:

- Шайлоо ачык-таза өтөт. Азыр кандай иштесек, ошондой иштейбиз. Эң башкысы ишеним болсунчу.

БШКнын маалыматына караганда президенттик шайлоого чет өлкөдөн миңге жуук байкоочу көз салганы турат. Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы 3 миң байкоочу даярдоодо. Мындан тышкары талапкерлер да ар бир участокко өз байкоочуларын коет деп күтүлүүдө. Эл аралык таасирдүү уюмдар тарабынан башынан шайлоо өнөктүктөрүндө административдик ресурсту пайдаланууга ык алган өлкө катары белгиленип келаткан Кыргызстанда бул ирет тең ата жарыш камсыздалып, шайлоо таза өтөрүн озунуп айткан байкоочулар сейрек болууда.

Кыргызстанда добуш берүүгө жарамдуу шайлоочулардын саны 2 млн. 700 миң, алардын 200 миңи чет өлкөдө деп саналууда. Чет өлкөлүк шайлоочулар үчүн 49 өлкөдө шайлоо участоктору, ал эми Кыргызстандын өзүндө 2333 участок даярдалып жатат. Аларда иштей турган комиссия мүчөлөрү бири калбай мыйзам жоболорун так сактоого, ар кандай административдик киришүүлөргө жол бербөөгө үйрөтүлөөрүн БШК убада кылууда.

Оппозиция болсо шайлоонун жай саратанда, иш күнү өтүп жатышынан добуш жасоого түзүлгөн шартты көрүп турат:


- Тизме боюнча шайлоочулардын саны туура. Бирок алардын жарымы жок да. Көр тириликтин айынан Орусияда, Казакстанда, башка өлкөлөрдө өз үй-бүлөсүн, ата-энесин, абала-чакасын багабыз деп кетип калышкан. Эми жайында болсо мунун дагы жарымы тоо-ташта болот, отпускада болот. Ошондуктан легитимдүү болот дегенге бул жагынан да шек кетет. Себеби шайлоочулардын саны реалдуу болбойт - дейт БЭКтин мүчөсү Исмаил Исаков.

Анткен менен талдоочу Табылды Акеров БШК шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү аракетин көрүп жатат дейт, бирок бул уюм акырына чейин көз карандысыздыгын көргөзүп, кара кылды как жарган чечим чыгара аларына ишенбейт:

- Буга жол берилбейт. Себеби президенттин администрациясы шайлоо комиссиясын өтө көзөмөлгө алып, эркин кыймыл-аракетине тоскоол кылып турат. Аын үстүнө бүгүнкү шайлоо комиссиясы толук бойдон эле “Ак жол” партиясынын мүчолөру болуп калды.

Табылды Акеровдун көз карашында, эгер, БШК калыс туруп, адмиинстративдик ресурска жол бербесе оппозициянын ар кими өзүнчө жарышка түшкөн эки талапкери алдыңкы эки орунду ээлеши мүмкүн:

- Беш жылдын ичинде көзгө көрүнөрлүк иш жасалган жок. Бүгүнкү күндө президенттин программасы катары көрсөтүлүп жаткан жолугушуулардын бардыгы тең элге жукпай жатат. Жаңы саясатчыларды, жаңы программаларды карап көрөлү деген электораттын тобу бар азыр.

Ошол эле мезгилде азыркы президентти колдогондор анын мүмкүнчүлүгү башка талапкерлерден кыйла чоң экендигин айтып жатышат. Алардын бири талдоочу Жолборс Жоробеков ага атаандаш талапкер бар экенине да ишенбейт:

- Атаандаш талапкерлер бар, бирок, бүгүнкү күндө, азыркы шартта иштеп аткан президентке атаандаш талапкер жок.

Президенттик шайлоого БШК каттаган алты талапкердин ичинде жалгыз аял талапкер – Токтайым Үмөталиева. Аты аталгандардан тышкары Темир Сариев, Жеңишбек Назаралиев, Нурлан Мотуев да президенттик үчүн ат салышып, үгүт иштерин кызуу жүргүзө баштаган кези. Байкоочулар болсо азыркы иштеп жаткан президентке башкы атаандаш катары алдыга оппозициялык эки талапкердин бири чыгып, калгандары тигил же бул тараптын кызыкчылыгына кызмат кылышы мүмкүн деп болжошууда.

Келерки аптадан баштап тараптар теле беттешүүгө (дебатка) чыгышат. Апта этегинде БШК чучукулак ыкмасы аркылуу телебеттештин иретин аныктап койду. Ага ылайык Курманбек Бакиев Токтайым Үмөталиева менен, Женишбек Назаралиев Нурлан Мотуев менен, ал эми Алмаз Атамбаев Темир Сариев менен чыкканы калды. Так талаш дагы кандай саясий жүрүштөр менен коштолору келерки апталарда маалым болору ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG