Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Aятолла Хаменейи Иранда түптөлгөн системага шынаа какты


Экс-президент Хашеми Рафсанжанинин кызы Фаизе Хашеми айым Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлери алдында сүйлөгөнү үчүн азыр камакта отурат.
Экс-президент Хашеми Рафсанжанинин кызы Фаизе Хашеми айым Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлери алдында сүйлөгөнү үчүн азыр камакта отурат.

Иран бийликтери президенттик шайлоо калыс өтпөдү деп толкуп жаткан элди тынчыта алар-албасы азырынча белгисиз. Демонстранттар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышында өлгөндөрдүн саны 17ге жетти. Ирандын диний жана саясый жетекчи чөйрөсү экиге бөлүндү. Өлкө кайда барат?

Бийлик негизги талапкер Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлерин камакка алууну улантууда. Алардын ичинде Ирандын мурдакы президенти Рафсанжанинин беш үй-бүлө мүчөсү, анын ичинде Мусавини ачык жактап сүйлөгөн кызы да бар.

"Шайлоонун талаштуу жыйынтыгы Ирандын төбөлдөрү менен динаятчыларын да эки жаатка бөлдү."



Ирандык 33 журналист жана блоггер, алардын катарында таанымал эрди-зайып калемгерлер Багаман Ахамади
Аятолла Хаменейинин жума намаздагы кутпа сөзү Ирандын диний-саясый жетекчи чөйрөсүндөгү жиктешүүнү күчөтүп, Ислап ынкылабынан соң калыптанган системаны кыйратты.
Амуи жана Жила Банияжкуб да камалганын башкеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму жекшемби күнү маалымдады.

1979-жылкы ислам ынкылабынан бери Иранда түрдүү деңгээлдеги 31 шайлоо өткөрүлүп, бири да эл ичинде азыркыдай нааразылыкты жараткан эмес. Шайлоонун талаштуу жыйынтыгы Ирандын төбөлдөрү менен динаятчыларын да эки жаатка бөлдү. 12-июнда президенттикке ат салышкан төрт талапкердин үчөөсү добуштар орой уурдалды дешип, Ахмадинежаддын жеңишин танып жатышат.

Алардын ичинен Мир Хусейн Мусави жана Мехди Карруби шайлоого жооптуу жана талапкерлерди ылгап бекитчү Сакчылар Кеңешинин ишемби күнкү жыйына барбай коюшту. Диний жана саясый истэблишментинин байистүү жана консевративдүү өкүлдөрү кирген анти-ахмадинежадчыл лагерь куралды. Ага мурдакы президенттер Хатами менен Рафсанжани, парламент төрагасы Али Ларижани жана Тегерандын мэри Калибаф кирет.

Бул жагдайдан улам кээ бир серепчилер 19-июнда ислам республикасынын күнү бүттү деп бүтүм жасашууда. Бул күнү Ирандын руханий көсөмү аятолла Хаменейи Тегеран университетиндеги жума намазда шайлоону “исламдын ийгилиги” деп атап, элден көчө жүрүштөрүн токтотуну талап кылган эле:

- Шайлоодон кийин көчөгө чыгып күрөшүү натуура иш жана демократия менен шайлоонун принциптерине ылайык келбейт. Баарыңарды бул туура эмес жолойду токтотууга үндөйм. Алар токтошпосо, нааразылык акциясынын кесепетинен чыкчу башаламандыкка өздөрү жооптуу болушат.

Улуу аятолланын сөзүн “куп” деп кабыл алып жүргөн ирандыктар, бул ирет, тескерисинче, четке кагышты. Өзүн тоготпой койушту. Хаменейи 12-июндагы шайлоо боюнча тыянак сөзүн айткан бул салтанатка билйикке лоялдуу саналган экс-президенттер Рафсанжани жана Хатами, парламент мүчөлөрүн теңине жакыны, башкөсөмдүн ишине көзөмөл салчу Эксперттер жыйынынын көпчүлүк мүчөлөрү барышкан жок. Эксперттер жыйыны 92 улама-динаятчыдан турат.

Ошентип, ирандык журналист Амир Тахиринин Лондондун “Sanday Times” гезитине жазышынча, аятолла Хомейни түптөгөн ислам
19-июнда Иран полициясы демонстрацияга чыккан элге каршы суу бүркүп, желим союлдарды аянбай колдонду. Кагылышуудан кийинки бир көрүнүш. Тегеран.
республикасы кыйрады. Хомейни негиздеген системада 80 процент динчил-теократтар жана 20 процент демократтар болсо, Хаменейинин жума күнкү сөзүнөн кийин демокрттар жоголду. Иран момундардын эмири Али Хаменейи башындагы Ислам эмирлигине айланды, деп тыянак кылат Тахири.
Бирок Мусавинин тарапкерлеринин нааразылык акциялары канчан токтойт, белгисиз.

Бул тушта Иран демократиялуу Батыш өлкөлөрү менен араздашуусун күчөтүүдө. Иран оппозицияны колдойт деп, Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн элчилерине нааразылык билдирди.

Жекшемби күнү АКШ президент Барак Обама кайрадан Иран бийликтеринин демонстранттарга каршы аракеттерин сындады.

XS
SM
MD
LG