Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Обама Иранга байланыштуу турумун катуулатты


Обама Иранды катуу зекиди, бирок айрымдарга бул жетишсиз...
Обама Иранды катуу зекиди, бирок айрымдарга бул жетишсиз...

АКШнын президенти Барак Обама акыры Ирандын бийликтерин катуу айыптаган билдирүү жасады. Бирөөлөр аны кечикти десе, башкалар Кошмо Штаттары Иран менен кандайдыр бир иштиктүү мамиледе болууга тийиш экендигин айтышууда.

Ирандагы кан төгүүлөргө байланыштуу Обама ушул шейшембиде биринчи жолу өтө катаң сөздөр менен чыкты:

– АКШ жана эл аралык коомчулук (Ирандагы) акыркы бир нече күндөгү коркутуу, уруп-сабоо, камакка алууларга үрөйү учуп, катуу нааразы болду. Мен мындай акыйкатсыз аракеттерди катуу айыптайм жана АКШнын элине кошулуп, бейкүнөө курман болгон ар бир адамга аза күтөм.

АКШнын президенти ошондой эле Иранды ал өз оппозициясына кандай мамиле кылса, мамлекеттин келечеги да, башка өлкөлөр менен мамилеси да ошого жараша болоорун эскертти. Иранда куугунтукка кабылган демократиячыл демонстранттарга Обама АКШ алар менен бирге экендигин, алардын «акыйкаттык үчүн тикесинен тик турган баатырдыгын» бүт эл аралык коомчулук көрүп жаткандыгын белгиледи.

Обама Неда Ага Султан деген жаш демонстрант кыздын ок тийгенден кийин камера алдында оозу-мурдунан кан кетип, көз жумганы тартылган видео бүт дүйнөгө таркаганын белгилеп, бүгүнкү заманда эч бир өкмөт зомбулугун жашыра албай тургандыгын айтып турду:

– 2009-жылда тынч мүнөздөгү демонстрацияларга байланышкан жагдайларды бир да темир муштум дүйнөдөн жашырып кое албайт.

Арийне, Обаманы Иран өкмөтүнө өтө эле жумшак мамиледе деп эсептегендердин айрымдары аны кеч калды деп сындашууда. Алардын бири Жоуна Голдберг - «Онлайн Улуттук баяндама» басылмасынын редактору. Ал Иран менен кол үзүшүүгө мезгил келди деп эсептейт:

- Акыркы 10 күндө Иранда орун алган окуялар бүт дүйнөгө чакырык таштаганга тете болду. Ошого карабастан Обама «сүйлөшөлү, дипломатия керек» дегенинен кайтпайт. Бул - идеологиялык тоң моюндук. Биз күбө болгон кан төгүүдөн кийин бул кишилер менен отуруп, сүйлөшкөндөн саясий майнап болбойт.

Голдберг ошондой эле демонстрацияга чыккандыгы үчүн гана өз элин уруп-сабаган өкмөттүн алдында Обаманы «моралдык тунуктукту» көрсөтө албай жатат деп айыптады.

Стивн Кинзер буга карама-каршы көз карашта. Нью-Йорк Таймс гезитинин эл аралык маселелер боюнча ардагер журналисти АКШ менен Британия 1953-жылы Ирандын демократиялык жол менен бийликке келген өкмөт башчысы Мохаммед Моссадехти кулатканын, муну да, Иран-Ирак согушунда Кошмо Штаттары Саддам Хусейнди колдогонун да ирандыктар унута электигин белгиледи.

Ал ошондой эле Обаманы сындагандар Иранды бомбалаш керек дегендер экендигине эске салды:

- Бул сынчылардын көбү - былтыр АКШ Иранды бомбалап, аны менен согушалы дегендер. Эгер биз алардын айтканы менен болсок, бүгүн Ирандын көчөлөрүндө өздөрүнүн демократиялык укуктарын коргоп жаткан адамдард сөөгү эбак сөпөт болмок.

Голдбергтин айтымында, Вашингтон Иранды ыкка келтирүү нийетинен баш тартып, бул өлкөгө каршы эл аралык санкцияларды күч алдырууга кам көрүшү зарыл. Ал эми Кинзер Ахмединежад мамлекет башчысы бойдон калган күндө да Обама бул өлкөгө далысын салбаш керек:

– Ахмединежад бийликте калса да, Кошмо Штаттары азыркы саясатын улантышы керек деп ойлойм. Иранда кандай өкмөт болушу керектигин үйрөтпөстөн, алдыга карап, Иранды улуттар бүлөсүнө кайтаруучу, Жакынкы Чыгыштагы кыйчалыш кырдаалды жайгаруучу келишим иштеп чыгыш керек. Бул бардык тараптар үчүн керек.

Обама шейшембидеги сөзүндө эгер Иранда кризис токтобосо, кийинки кадамы кандай болот деген суроолорго жооп берген жок. Ал болгону Иран эл аралык коомчулукка кошулууну кааласа, кайсы жолду тандап алыш керек экендигин өзү билээрин айтып, өзү башкалардай эле өлкөнүн мындан аркы кадамдарына байкоо салып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG