Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Джузеппе Вердинин “Аида” операсы коюлат


Улуттук опера жана балет театры "Аида" операсы менен кезектеги сезонун жабат.
Улуттук опера жана балет театры "Аида" операсы менен кезектеги сезонун жабат.

Жума соңунда А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театры Джузеппе Вердинин “Аида” операсы менен кезектеги сезонун жыйынтыктаса, орус драма театры “Айлакер сүйүшкөндөр” спектакли менен 74-театралдык сезонун жабат.

“Аида” операсы Джузеппе Вердинин эң мыкты, заманбап чыгармаларынын катарына кирет. Чыгарманы автор байыркы египет уламыштарына таянып, египет хедивинин суранычы менен жазган. “Аида” операсы биринчи ирет 1871-жылы Каир шаарында коюлган. Ал эми кыргыз сахнасында 1960-жылы сахналаштырылып, элге тартууланган. Андан бери бир канча ирет жаңыртылып, коюлуп келет. Эл артисти Талгар Жакшылыковдун айтуусунда бул опера ыйык сүйүүнү даңазалган чыгармалардын бири.

Чыгармада Аида менен Радамес экөө бири-бири аябай катуу сүйөт. Радамес жоокер, ал эми Аида күң болуп жүрөт. Спектаклдин аягы кайгылуу болуп бүтөт, анткени экөө көргө көмүлүп калышат да.

“Аида” операсы былтыр режиссер Искендер Сартбаев тарабынан жаңыртылып коюлган. Анда башкы ролдорду Элнура Самарбекова, эл артистери Сталбек Алмасбеков, Керим Орозбаев, Талгар Жакшылыков, Алтынай Алибаева жана башка артистер ойношот.
Бул чыгарма эл сүйүп, эл күтүп уккан опералардын бири. Андыктан мындай чыгармада ырдаш ар бир артист үчүн чоң жетишкендик экенин белгилейт эл артисти Эсенбү Муктарова.

Бул опера улуттук опера жана балет театрында ишемби күнү коюлат. Муну менен катар орус драма театрында испан классиги Лопе Де Веганын “Айлакер сүйүшкөндөр” комедиясы тартууланат. Эки бөлүктөн туруп, классикалык чыгармага айланган бул комедия дүйнөнүн баардык театрларында коюлат. Аны көргөн театр күйөрмандары сөзс үз көнүлдүү маанай менен кайтышат деп билдирди орус драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Виктория Чижикова.

Бул комедия сүйүүнү, кызганычты, кең пейилдикти чагылдырган майрамдык, карнавалдык чыгарма. Ошону менен бирге эле көрө албастык, кусалыкты да баяндап өтөт.

“Айлакер сүйүшкөндөр” комедиясын кыргыз эл артисти Владимир Скоропис сахналаштырган. Оюнда Вера Бурдина, Юрий Шалев, Анжелика Василченко жана башка артистер образ жаратышат. Бул спектакль орус драма театрынын 74-сезонундагы премьерасы. Мындан башка бул сезондо театр онго жакын жаңы оюн сахналаштырган. Ал эми күзүндө 75-театралдык сезонду ачуу менен артистер театрдын мааракесин белгилөөнү ниет кылышууда.
XS
SM
MD
LG