Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

СДП үгүт иштеринде талапкерлерге бирдей шарт болбой жаткандыгына нааразы


Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши президентке жолдогон ачык кайрылуусунда үгүт маалында административдик ресурстардын катуу колдонулуп жаткандыгы, шаардын борбордук аймактарындагы жарнак такталарга талапкер Курманбек Бакиевдин плакаттары кенен жайгаштырылып, ал эми Атамбаевдин үгүт плакаттарын жайгаштырууга мүмкүнчүлүктөр ачык эле чектелип жаткандыгы, жарнак такталары табылса да алар шаардын четинде болуп жаткандыгы айтылган. “Азыр талапкер Бакиевдин сүрөттөрү магазин, кафе, ресторандардын айнектерине активдүү чапталып жатат. Калган талапкерлердикине чектөө болуп, чапталса да айрылып калып жатат. Биздин штаб талапкерлерге бирдей шарттар берилиши керектигин эске алып, мындан ары витриналарда кенен жайгаштырылган талапкердин жанына өзүбүздүн талапкердин да плакаттарын жабыштыра баштайбыз. Эгер каршылыктар көрсөтүлсө, муну биз талапкерлердин укугун бузгандык катары эсептеп, байкоочуларга, дүйнөлүк коомчулукка билдиребиз ”, -деп жазылган кайрылууда. СДПнын саясий кенеши Курманбек бакиевге президент катары кайрылып жатканын белгилеп, мындай абалга анын кийлигишүүсүнө үмүт артарын билдиришкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG