Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Орусия Транзиттик борбордун “Манас” аэропортунда түзүлүшүнө каршы эмес


Орус президенти Дмитрий Медведев терроризмге каршы эл аралык коалиция күчтөрүнүн транзит борборун Манас аэропортунда түзүү жөнүндө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы макулдашууну жактырган кыргызстандык парламенттин чечимине көз карашын билдирди. КР президентинин басма сөз кызматы маалымдаганы боюнча Орусиянын мамлекет башчысы бул келишим – Кыргызстандын эгемендүү укугу деп белгилеп, бир канча убакыт мурун Кыргызстандын президенти менен жолугушууда антитеррордук багыттагы биргелешкен кызматташуу суроолорун талкууга алганын, анын ичинде, жүктөрдү ташууга өбөлгө түзүү суроосу да болгондугун айтып кеткен. “Мына кыргыздар да ушундай чечим кабыл алышты. Менин оюмча, мындай жагдай терроризмге каршы күрөшкө багытталган жалпы ишке пайда алып келет," - деп билдирген Медведев.
Буга чейин “Манас” аэпортунда АКШнын транзиттик борборун түзүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимин айрым саясий партиялар, кээ бир президенттикке талапкерлер сынга алып, бул чечим Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин суушуна алып келет, деп айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG