Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Өзгөндөгү түнкү атышуу


27-июнь күнү кечки саат алтылар чамасында Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында белгисиз куралчан топ менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү ортосунда ок атышуу болуп, куралчандардын үчөө өлтүрүлдү. Ок атышуу таңкы саат сегизге чейин уланып, куралчандардын дагы эки өкүлү милиция тарабынан колго түшүрүлдү.

Өзгөн шаарынын четиндеги Кош-Коргон айылында ок атышуу башталаар замат, айыл жашоочулары шаарга карай качууга аргасыз болушкан. Атайын даярдыктагы жоокерлер үч жоочуну атып өлтүргөндөн кийин, алар убактылуу жашап жаткан үйдүн айланасынан жардырууга даярдалган гранаталарды табышкан. Жалпысы куралчандардын жанынан төрт граната, эки «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, дагы бир ок атуучу курал, онго чукул уюлдук телефондор жана маалымат сактоочу флешкарталар табылган. Ош облустук улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери Нурлан Мурзахунов «Азаттыкка» буларды айтты:

- Аларды кармоодо бир топ каршылык көрсөтүштү. Ар бир террористтин жанынан «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча табылды. Аларда граната дагы болгон. Азыр ал куралдардын баарын алып, иликтоо иштери башталды.

Окуя болгон жерде жүргөн укук коргоо органынын кызматкерлеринин айтымында, жоочулардын Кош-Коргон айылына келип, ээси жок үйгө жашап жатышканына 4-5 күндөн ашкан. Ал эми коопсуздук кызматы болсо, буларды 23-июндагы Жалал-Абаттагы террордук окуяга да байланышы бар деп шектенип жатышат. Ал үйдөн табылган спорттук кийимдер, Жалал-Абаттагы жоочулардын кийимине окшош чыккан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өлтүрүлгөндөрдүн айрымдары 12 жылдан бери Өзбекстанда издөөдө, ошондой эле «Өзбекстан ислам кыймылынын» мүчөсү болушу да толук мүмкүн.

Учурда ок атышууда өлгөндөрдүн биринин аялы жана окууну аяктап калган баласы колго түшүрүлдү. Милициялардын айтымында аял да, бала да эч нерседен коркпогон, курал колдонууну да мыкты өздөштүрүшкөн.

Жоочулар менен жүргөн бул аял атын атоодон баш тартып, «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

Азаттык: - Сиздер Кош-Коргон айылына качан келдиниздер эле?

-20-июнда келгенбиз.

Азаттык: -Жалпы канча адам келгенсиздер?

-Күйөөм экөөбүз эле келгенбиз. Дагы үч-төрт адам кийин келишти. Жума күнү.

Азаттык: -Алар эмне үчүн келгенбиз дешти сиздерге?

-Күйөөм меймандар келди деди. Башка эч нерсе айтпады.

Азаттык: -А сиздер эмне үчүн бул айылга келдиңиздер эле?

-Биз ушинтип ижарадан ижарага көчүп жашайбыз.

Азаттык: -Негизи кайсыл жактан болосуздар?

-Ханабаддан.

Азаттык: -Ханабаддан Кыргызстанга эмне үчүн келгенсиздер?

- Күйөөм Орусияга кетебиз деген эле.

Азаттык: -Курал кармап жүрүшкөнүн билчү белеңиз?

-Жок. Куралдарды азыр үйдөн алып чыгып баратканда көрдүм.

Азаттык: -Сиздер буга чейин Жалалабатта да жүргөнсүздөрбү?

-Ооба, Жалалабатта ижара турдук, бир ай. Күйөөм ар күн сайын барып турчу.

Учурда улуттук коопсуздук кызматы бул беш адамды тең Жалал-Абаддагы окуядан сон Өзгөн тарапты көздөй качышкан деп болжоп жатышат. Бирок кошкоргондуктар жоочулардын өз айылында бир жума бою жашашканын көргөн эмеспиз дешет.

Айыл тургуну Арапжан Эшатов:

-Бул адамдарды биз көргөн эмеспиз, каерден келгенин да билбейбиз. Биз эртеден кечке талаада иштеп жүрөбүз да.


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын «Азаттыкка» билдиришинче, өлтүрүлгөн жоочулардын бирөөсү 2004-жылы 20-ноябрда террористтер менен күрөшүүдө каза тапкан жоокер Нурлан Сайдиевдин өлүмүнө тиешеси бар деп издөөдө жүргөн адамга бет түзүлүшү окшошууда.

Канткен менен түшкө жуук абал жөнгө салынганы менен, ок атышуудан катуу коркуп калышкан жергиликтүү жашоочулар дале кооптонуп турушат. Укук коргоо органдары болсо азырынча бул окуя тууралуу так маалымат бералбастыгын айтышып, иликтөө иштери башталганын кабарлашты.

Өзгөндөгү атышуудан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG