Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Д. Ошурахунова: Талапкерлерге бирдей мамиле жасалбай жатат


“Менин тандоомдун мезгили” бирикмеси учурда президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо салууда. Бирикменин лидерлеринин бири Динара Ошурахунова мындай байкоолордун алгачкы жыйынтыктары тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Динара айым, үгүт өнөктүгүндөгү негизги оош-кыйыштар эмнеде болуп жатат?

- Эң биринчиден, талапкерлерге бирдей мамиле жасалбай жатат. Маселен, президент Курманбек Бакиев жер-жерлерге барган учурда жергиликтүү бийлик тосуп, элди чогултуп берип атат. Башка талапкерлерге, анын ичинде оппозициянын талапкерлерине бут тосуу, жолугушууга келген элдерди кайра таратуу сыяктуу фактылар болуп жатканын угуп жатабыз.

- Оппозиция телекөрсөтүүдө, башка маалымат каражаттарында теңдиктин болбой жатышына да арызданып жатты эле...

- Туура, биз азыр көрүп атабыз, Бишкек мэриясынын алдында “Үгүт компания” деген уюм ачылыптыр, алар башында жарнамалар жөнүндө эрежесин чыгарган. Бирок биз азыр бардык жерде Курманбек Бакиевдин үгүт-жарнамалары илинип турганын көрүп атабыз, башка талапкерлердики жок. Биз азыр эмне себептен ошондой болуп атканын сураштырып жатабыз. Эми телекөрсөтүүлөр тууралуу айтсак, УТРКнын “Ала-Тоо” программасы жаңылыктарда көбүнчөсү Курманбек Бакиевдин жолугушууларынан 3-5 мүнөткө чейин репортаж берип, ошол эле учурда башка талапкерлердики бир мүнөткө жетпей жатат.

- БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев бийлик тарап кара пиар колдонууда деп айыптады. Сиздин пикир?

- Мен аны айта албайм. Бирок чынында эле бийлик тараптанбы, же Атамбаевдин айланасындагыларбы, иши кылса таза эмес ыкмалар колдонула башталды. Булардын баарын көрүп эле турабыз.

- Шайлоочулар тизмесинин түзүлүшүнө да дайыма сын тагылып келген. Бул ирет абал кандай болуп жатат?

- Туура айтасыз. Биз да азыр ошол боюнча айтып атабыз, бул шайлоо пландалган жок. БШКнын өзүнүн да башы айланып атат азыр, көп жерде тизмелерди түзгөндө туура эмес түзүп, же кайра алмаштырып кетип атат. Ошонун ичинде шайлоочулардын тизмеси боюнча эрежелер жакшы такталган жок. Ошондуктан ички мигранттар, андан тышкары башка өлкөлөрдө жүргөн мигранттар шайлоочулардын тизмесине кандай эрежелер менен киргизилирээрин биз билбейбиз. Биз шайлоочулардын санын жөн гана көбөйтүп атканын байкап жатабыз. Бирок кайсы эрежелер менен киргизилип, каттап атканын биз да түшүнбөй атабыз. Анткени андай эрежелер сакталган жок.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG