Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Спикер А.Тагаев Иран элчисин кабыл алды


Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев Иран ислам республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад-Реза Сабурини дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Жоолугушууда соода-экономикага байланыштуу сөз болуп спикер А.Тагаев жаңы кабыл алынган Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча мыйзам туурасында маалымат берип, киргизилген бул түзөтүүлөр инвестициялык абалды жакшыртууну жана чет элдик инвестицияларды тартууну шарттай тургандыгын билдирди. Билим берүү жаатындагы мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулоодо Мохаммад-Реза Сабури Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы жетишилген келишимдерди ишке ашыруу алкагында быйыл Кыргызстандын 120дай студенти Ирандын ЖОЖдоруна стажировкадан өтүшөрүн билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG