Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Евробиримдиктин Лиcсабон келишими өлкөнүн мыйзамына каршы келбейт


Германиянын Конституциялык Cоту Евробиримдиктин Лиcсабон келишими өлкөнүн мыйзамына каршы келбейт деген бүтүм чыгарды. Бирок сот документти ратификациялоо үчүн кошумча мыйзам кабыл алуу керек деп чечти. Германиялык бир катар депутаттар соттон келишимге каршы бүтүм чыгарууну өтүнүшкөн. Алар документ немис парламентинин ролун азайтып, ыйгарымдардын ири бөлүгүн Брюсселге өткөрүп берет деп санашат. Парламент келишимди жактырган, бирок президент Хорст Көлер ага кол кое элек. Лиссабон келишимин шаркетке кирген 27 өлкөнүн 23 ратификациялады. Документ октябрда Ирландияда экинчи ирет референдумга коюлмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG