Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Нарын райондук маданият бөлүмүндө эмгек акы мыйзамсыз берилүүдө


Мындай маалыматты бүгүн Нарын районунун маданият кызматкерлеринин тобу «Азаттыкка» билдиришти.Алар райондук маданият бөлүмүнүн башчылык кызмат орду бир жарым айдан тарта бош тургандыгын, ордуна эч бир адам милдетин аткаруучулук кылбагандыгын, башчылык кызмат үчүн кароо-сынак кечигип жаткандыгын билдиришүүдө. «Биздин райондо маданият тармагы кароосуз калууда. Биз өз кызматтарыбызды аткара албай жатабыз. Мекеменин мөөрүн райондук акимчилик алып алган. Эмгек акыларды райондун маданият үйүнүн деректири мыйзамсыз кол коюп алууда»,-дешет жергиликтүү маданиятчылар. Нарын районун акими Ишенбек Медетов мөөрдү албагандыгын, бул маселе боюнча Маданият министрлигине маселе коюлуп келе жаткандыгын билдирди. Ал эми маданият министри Султан Раев менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (KUs).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG