Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Орусия «өзүнүн Лас-Вегасын» жаратат


«Метелица» азыр мындай жаркырабай калды
«Метелица» азыр мындай жаркырабай калды

1-июлдан тарта Орусиянын дээрлик бүт аймагында казино бизнеси ишин токтотот. Эми кумар оюндары өлкөнүн төрт жеринде гана жүзгүзүлөт. Өкмөт келечекте «орус Лас-Вегасына» айландырууну самаган ал жерлерде азырынча чөлдөн башка эч нерсе жок.

Москвадагы казиноканалардын борбору Новый Арбат көчөсү кечкисин мурдагыдай жаркырабай калды: казинолор жарыгын өчүрүштү. Орусиядагы эң ири жана эски казинолордун бири «Метелицада» эки жазуу илинип турат. Бирөөсүндө «16 жылдык ишенимиңиздер үчүн ырахмат» десе, экинчисинде имарат ижарага бериле турганы айтылыптыр.

Актриса Екатерина Пушкова «Метелицага» жакын жерде жашайт. Шейшембиде эрте менен ал фотоаппаратын көтөрүп чыгып, казинону сүрөткө тартып жүрүптүр. «Бул – Москванын тарыхынын бир бөлүгү. 16 жыл… Мен жакын эле жерде жашайм. Бул жерде казино дайыма эле тургандай сезилип калган. «Метелица» жөнүндө көптөгөн уламыштар да, окуялар да айтылып жүрөт. «16 жылдык ишенимиңиздер үчүн ырахмат» деген жазуу, чынында эле, башкача эмоцияны жаратат экен».

Казино бирөөлөр миллионун жоготуп, башкалар аны утуп турган 90-жылдардагы жапайы, агрессивдүү Орусиянын ачык мисалдарынын бири болчу.

2006-жылы орус президенти Владимир Путин 2009-жылдын 1-июлунан тарта казино индустриясын жалпы жумурияттагы төрт гана аймакка жайгаштырып, калган шаарлардан жоготуу боюнча мыйзамды сунуш кылган. Ал төрт аймакка Ыраакы Чыгыш, Алтай, Калининград жана түштүк региону кирет.

Кумар оюнунун айынан карызга баткандар көбөйгөнү да тыйууга себеп болгону айтылат
Бул аймактар өлкөнүн келечектеги Лаг-Вегасы болушу керектиги белгиленген. Азырынча ал айтылган региондор бир гана жагынан чыныгы Лас-Вегаска окшошот: алар чөлдөн айырмасы жок.

Майкл Боттчер – Storm International деген компаниянын башчысы. Бул ишкана дээрлик 10 жылдан ашык мезгилден бери Орусияда казино иштетип келди. Эми айтылган төрт зонанын бирине баруунун оордуна ал жөн гана буердеги казинолорун жаап салды. «Орусияда бир да инфраструктурасы жок жерлерде эки жылдын ичинде Лас-Вегас курабыз деп атышат. Ал төрт аймакта жол да, электр кубаты да, адамдар да жок, жана ал жакка эч ким барбайт. Ушул жагын эске албаганда, Лас-Вегас куруу жөнүндөгү идеянын өзү жакшы».

Орусияда Боттчердин ишканасында 6000 адам иштечү. Ал Грузияга учуп бараткан жеринен бизге сүйлөп берди. Грузияда Боттчер казино ачам деп жаткан экен.

Азырынча Орусиядагы кумар оюндары ишканаларынын бири да жогоруда айтылган төрт зонага бара турганын айтыша элек. Казино индустриясынын өкүлдөрү жаңы мыйзам күчүнө кириши менен 400 миңдей адам жумушунан айрылаарын, орус казынасы жылына салыктан түшүп турчу бир миллиард доллардан куру калаарын айтып чыгышты.

Казинолордун жетекчилери мыйзам күчүнө кирген күндө деле бул индустрия ишин уланта берет деп ишенишет. Бирок эми ал мыйзамсыз деп эсептелинет.

«Сизде күнүнө жүз миңдеген адамдар ойноп турган бизнесиңиз бар дейли. Эми аны мыйзамсыз деп табышты. Адамдар ойной беришеби? Албетте! Алар жашынып болсо да, ойной беришет», - дейт Storm International компаниясынын жетекчиси Майкл Боттчер.

Ошол эле маалда казинолорго тыйуу салына турганы жөнүндө демилге көтөрүлгөндөн бери көптөр аны колдоп чыгышкан. Анткени оюнга берилип, акыркы акчасы түгөнгүчө, карыз алып болсо да ойногондор, акыр аягында үй-бүлөсүнөн ажырагандар көбөйүп кеткен эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG