Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 06:42

Кыргызстанга “Транперенси Интернешнл” уюмунун жетекчиси келет


Коррупцияга каршы дүйнөлүк алкакта күрөш жүргүзгөн уюмдун башкармалыгынын төрайымы Угетт Лаббель, уюмдун регионалдык бөлүмүнүн башчысы Миклош Маршал Кыргызстанга Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровдун чакыруусу менен 2-июнда келет. Расмий сапар учурунда Угетт Лаббель айым президент Курманбек Бакиев, Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров,Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары Садыр Жапаров менен жолугушуп, коррупцияга каршы Кыргызстанда кабыл алынган чечимдер, проблемалар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG